Луиза Мэй Олкотт

Википедия дан
Луиза Мэй Олкотт.

Луиза Мэй Олкотт (англ. Louisa May Alcott; 1832-жыл 29-ноябрь — 1888-жыл 6-март) — америкалык жазуучу жана акын болгон. "Кичинекей айымдар" (англ. Little Women, 1868), анын уландысы "Кичинекей кишилер" (англ. Little Men, 1871) жана "Жонун балдары" (англ. Jo's Boys, 1886) романдары менен таанымал. Жаңы Англияда трансценденталист ата-эне, Эбби Мэй жана Эймос Бронсон Олкотт тарабынан өстүрүлгөн Олкотт ошол мезгилдеги Ралф Уолдо Эмерсон, Натаниел Хауторн жана Генри Дэвид Торо сыяктуу көптөгөн белгилүү интеллектуалдардын арасында чоңойгон.

Олкотттун үй-бүлөсү каржылык кыйынчылыктарга дуушар болуп, ал кичинекей кезинен тартып үй-бүлөсүн багууга жардам берүү үчүн иштеп, ошол эле учурда жазуу үчүн мүмкүнчүлүк издеген. Ал 1860-жылдары өзүнүн чыгармасына карата ийгиликтүү сын-пикирлерди ала баштаган. Эмгек жолунун башталышында ал кээ-кээде А. М. Барнард каймана атын колдонуп жүргөн. Бул ысым менен ал жаш өспүрүмдөргө романдарды жазган.

1868-жылы басылып чыккан "Кичинекей айымдар" Олкотттун кичи мекени Хиллсайддагы (Массачусетстин Конкордунда, кийинчерээк Уэйсайд деп аталып калган) окуяларды чагылдырат жана Олкоттун бала кезиндеги үч эжеси менен өткөргөн күндөрүнө үстүртөн негизделген. Роман абдан жакшы кабыл алынып, азыркы күнгө чейин популярдуу балдардын романы болуп эсептелет жана бир нече жолу тасмага тартылган.

Олкотт аболиционист, феминист болгон жана өмүр бою турмушка чыккан эмес. Ал Бостондо 1888-жылдын 6-мартында дүйнө салган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]