Львов

Википедия дан
Львив
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Украина
Облус Львов облусу
Район Львов району
Ички бөлүнүшү 6 район
Тарыхы жана Географиясы
Отурукташкан жай статусу 1356
Калкы
Калкы 717 273[1] адам (2022)
Жыштыгы 4 844 адам/км²
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +380-32
Почта индекстери 79000-79490
Расмий сайты https://city-adm.lviv.ua/  (укр.)
Львив.

Львив (укр. Львів, ˈʎʋiu̯, произношение ) – Украинадагы шаар. Львов облусунун административдик борбору. Буг жана Днестр дарыясынын суу бөлгүчүнүн жээгинде жайгашкан. Калкы 734 миң (2010). Темир жана автомобиль жолдор тоому.

Алгач 1256-жылдан эскерилет. 14-кылымдан Польшанын, 1772-жылдан Австриянын (Лемберг аталган), 1918-жылдан кайрадан Польшанын, 1939-жылдан Украинанын курамына кирген. Львов – Украинанын ири өнөр жай борбору. Машина куруу (автобус, автомат жүктөгүчтөр, конвейер, айыл чарба машиналары, теле-, радио аппаратуралары, станоктор, прибор жана башка), металл иштетүү, жеңил (бут кийим, тор), полиграфия, нефть ажыратуу, химия, химиялык-фармацевтика, тамак-аш, жыгач иштетүү, айнек өнөр жай ишканалары иштейт. Он ЖОЖ (анын ичинеде университет), Украина ИАнын Батыш илимий борбору, консерватория (1939), 12 музей (этнография, көркөм промысел, Украина искусствосу, элдик архра жана башка), сүрөт галереясы, 4 театр (анын ичинде опера жана балет, балдар жана өспүрүмдөр үчүн) жана жазуучу И. Франконун адабий-мемориалдык музейи бар. Рынок аянтында кафедралуу готика стилиндеги собор (14–15-к.), Кайра жаралуу стилиндеги «Кара таш» (16-кылымдын аягы – 17-кылымдын башы), ренессанс стилиндеги Боим жана Кампиан капеллалары (экөө тең 17-к.), үч ыйык саат мунарасы (16-к.), барокко стилиндеги арсенал (18-к.), бернардчылардын (17-к.), иезуиттердин (17-к.) жана доминиканчылардын (18-к.) костёлу, Ыйык Юра собору (18-к.) жана башкалар сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
  1. Чисельність наявного населення України на 1 січня 2022