Люминесценция лампасы
Көрүнүш
Люминесценция лампасы - разряддын улътракызгылт көк нурунун таасири менен люминофорлордун жарык чыгарышы аркылуу жарык агымы аныктала турган газ разряддуу жарык булагы.
- Кызытма лампага Караганда Люминесценция лампанын жарык чыгаруусу, иштөө мөөнөтү бир нече эсе көп болот, ошондуктан ал лампа зал, бөлмө, көчө ж. б. жерлерди жарык кылууда коп колдонулат.
- Мындай жарык булагынын көп таралган туру — сымаптуу Люминесценция лампасы Ал ички бетине люминофор сыйпалган туюк тунук айнек түтүктөн турат.
- Түтүктун бир жак учуна вольфрам зымынан спираль турундо электрод киргизилет.
- Иштөө жөндөмүн жогорулатуу учун электроддун бетине карбонаттан же жегич-жер металлынын ото кычкылынан даярдалган оксид суспензиясы сүйкөлөт.
- Сымап атомдорунун дүүлүгүү шартын жакшыртуу жанa лампанын иштөө мөөнөтүн узартуу максатында лампанын ичине бир тамчы сымап тамызылат жанa белгилүү санда инерт газдары (Ат, Ne ж. б.) толтурулат.
- Люминесценция лампасын өзгөрмө ток булагы менен бириктиргенде, электроддор ортосунда электр тогу пайда болуп, ал сымап атомдорун дүүлүктүрөт да, жарыкты пайда кылат.
- Ошол сымап буусунун басымы спектрдин ультракызгылт көк тармагынан интенсивдуу нур чыгарып, ал нур лампанын люминофор катмарын жарык чыгартат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.