Люси Лью

Википедия дан

Люси Алексис Лью (англ. Lucy Liu;1968-жылдын 2-декабрында туулган) америкалык актриса, үн коштоочу, режиссер, продюсер, ырчы жана сүрөтчү. Ал урушчаак жана тарбиясыз Лиң Воонун ролун "Элли Макбил" (англ. Ally McBeal, 1998–2002) телесериалында ойноп таанылган, ушул ролу үчүн праймтаймдык "Эмми" сыйлыгынын "Комедия сериалындагы экинчи пландагы актрисанын эң мыкты ролу" номинациясына жана АКШ киноактерлор Гильдиясынын (коомунун) сыйлыгынын "Комедия сериалындагы экинчи пландагы актрисанын эң мыкты ролу" номинациясына талапкер болгон. Люси Лью "Чарлинин периштелери" (англ. Charlie's Angels, 2000) тасмасында ойногон, "Биллди өлтүрүү" (англ. Kill Bill, 2003) тасмасында О-Рэн Ишиинин кейипкерин жараткан. "Алмайдын бермейи бар-төлөө" (англ. Payback, 1999) криминалдык экшн тасмасында, "Чикаго" (англ. Chicago, 2002) тасмасынде тартылган. 2008-жылдан азыркыга чейин тартылып жаткан "Кунг-фу панда" (англ. Kung Fu Panda) анимациялык тасмасында Кара чаар жыландын ролун ойноп келатат.

2008-жылы актриса ABC каналында бир сезон көрсөтүлгөн "Кашемир мафиясы" (англ. Cashmere Mafia) телесериалында роль жараткан. Бул сериал АКШ телеканалдарындагы аз көрсөтүлгөн азиялык америкалык типтеги сериалдардын бири болгон. 2012-жылы Люси Лью "Түштүк аймагы" (англ. Southland) деген телесериалдагы Жессика Таңдын ролу үчүн Critics' Choice Television Award сыйлыгына "Эң мыкты драмалык актриса" номинациясында татыктуу болгон. Актриса "Шерлок Холмс" (англ. Sherlock Holmes) криминалдык драмасында Жоан Ватсондун ролун ойноп, эл аралык Сеул драма сыйлыгын жеңип алган. DisneyToon Studios компаниясы тарабынан тартылып жаткан "Перилер" (Tinker Bell) мультфильминде Күмүш перинин үнүн коштойт.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]