Лёсс

Википедия дан
Лёсс (АКШ‎).

Лёсс (нем. lёss – катуу эмес, борпоң) – ачык сары түстөгү алеврит; катмарланбаган карбонаттуу тоо тек. Курамында 0,01–0,05 мм бүртүкчөлөр басымдуулук кылат. 0,005 ммден кичине топурак бүртүкчөлөрү кварц, талаа шпаты, азыраак санда слюда, роговая обманкадан турат. Күкүмдөрү ар кандай чополуу минералдардан (гидрослюда, каолинит, монтмориллонит) түзүлгөн. Акиташ тегинде конкрецияларды пайда кылат. Европа, Азия, Түндүк жана Түштүк Америка материктериндеги мелүүн алкактык талааларда, жарым чөлдүү аймактарда кездешет. Калыңдыгы бир нече мден 50–100 мге чейин жетет. Пайда болушу жөнүндө бирдиктүү теория жок. В. А. Обручев эолдук, Л. С. Берг кыртыштык жана комплекстүү (кургактыкта эолдук, делювийлик, кыртыш-элювийлик) процесстерден келип чыккан деп далилдейт. Лёсс кирпич, цемент даярдоодо, дамба, плотина курууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.