Магнетрон тибиндеги приборлор

Википедия дан

Магнетрон тибиндеги приборлорөтө жогорку жыштыктагы (300 Мгц—300 Тгц) электр-вакуум приборлор классы.

Бул приборлордо электрондор кайчылашкан туруктуу электр жана магнит талаада кыймылдашат. Магнетрон тибиндеги приборлор радиолокация жана навигация түзүлүштөрүндө, космос байланыш каражатында, сызыктуу ылдамдаткычтарда, мед. аппараттар да ж. б. электр-магнит термелүүлөрүн пайда кылуу ж-а аларды күчөтүү үчүн колдонулат. Магнетрон тибиндеги приборлордо туруктуу электр талаасы анод менен катоддун аралыгында, ал эми туруктуу магнит талаасы туруктуу электр талаасынын күч сызыктары менен электрондордун кыймылынын багытына перпендикулярдуу пайда болот. Бул приборлор коп функциялуу касиетке ээ.

Бардык Магнетрон тибиндеги приборлор— коп резонатордуу магнетрон. Электрондордун агымы менен электр-магнит талаанын оз ара аракетипин магне­трон принцибинде түрдүү көп при­борлор түзүлдү. Алар акырындатуучу системалардын конструкциясы жана электрон агымын пайда кылуучу түзүлүштөрү боюча айырмаланат. Ошого жараша Магнетрон тибиндеги приборлор үч түргө бөлүнөт.

  1. Көп резонатордуу, коаксиаль, регенерациялык-күчөткүч, чыцалуу менен жөнгө салынуучу (митрон) магнетрондор.
  2. Карматрон — кайтма толкундун генератору; амплитрон — кайтма толкундун кубаттуу күчөткүчү; стабилотрон жыштыкты мех. түрдө өзгөртүүчү эң туруктуу гене­ратор; ультрон — кенен тилкеде чоүоюучу жыштыктын түз толкун күчөткүчү.
  3. Магнетрон тибиндеги таралма толкун лампасы кирет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.