Магний рудалары

Википедия дан

Магний рудалары — курамында бөлүп алууга ири жактан татыктуу өлчөмдөгу магний бар табигый минералдардын чогундусу.

  • Магний жүздөн ашык минералдын составында учурайт.
  • Алардын негиздүүсү: брусит (курамында Mg 41,7%), магнезит (28jili), лоломит (18,2%), кизерит (17%), бишофит (12,0%) ж. б.
  • Эң негизги Магний рудалары - магний-калий рудалары. Ири кендери метаморфизмдешкен доломитте кезигет.
  • Көпчүлүк учурда магнезиттин метаморфизмдешилинен магнийге эң бай сырьё — бруситтин чогундусу пайда болот.
  • Айрым учурда магний туздарын жер астындагы суу эритип, ачуу туздуу булактарды жана сууларды пайда кы­лат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.