Магнитограф

Википедия дан

Магнитограф (гр. magnetis — маг­нит жана ...граф)—Жердин магнит талаасынын өзгөрүүсүн (магниттик вариация) узгултуксуз каттоочу при­бор.

Магнитограф магнит вариометринен жана каттоочу аппараттан турат.

Эң жөнөкөй Магнитограф фотокаттагыч, жарык кылгыч жана 3 оптика вариометринен турат. Вариометрдин сезгич элементи катары серпилгич ичке зымга асылган манит жебеси (кузгусу менен) алынат. Мындай Магнитографтын жардамы менен жердин магнит талаасынын вариациясынын (бир нече секундадан бнр нече айга созулган) 3 ортогональ компоненти лентада (фотоплёнкада же фотокагазда) ~ 10~° э тактыкта катталып ту­рат. Алынган магнитограмма боюнча магнит вариациясынын убакыты, термелүүсү (амплитудасы) жана мезгил тууралуу маалымат алынат.

Магнитографтын каттап туруучу механизмдери жыштык ченегич, сандык вольтметр, көчүрүп жазуучу Электр потенциометри, магнитофон ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.