Магнит моменти

Википедия дан

Магнит моменти — нерсенин бөлүкчөлөрунун магниттик касиетин мүнөздөөчү чоңдук. Электр-магнит кубулушунун классикалык теориясы боюча магнит булактары — макро жана микроэлектр тогу. Магниттин элементардык булагы — микробөлүкчөлөрдөгү туюк ток (Магнетизм).

  1. Атом жана - молекулалардын Магнит моменти электрон- дордун мейкиндиктеги кыймылы (орбиталык ток жана ага жараша электрондордун орбиталык Магнит моменти), элек- трондордун спиндуү Магнит моменти, алардын импульстарынын (Спин) өздүк мо­менти, атом жана молекулалардын ай­лануу кыймылы (айлануу Магнит моменти), о. эле атом ядросунун Магнит моменти менен шартталган.
  2. Нерсенин Магнит моментиошол нер­сенин түзгөн бардык бөлүкчөлөрдүн Магнит моментинин вектордук суммасына бара-бар. Заттын Магнит моменти көлөм бирдигине келтирилет.
  3. Электр тогу бар туюк контурдун Магнит моменти (Pm) ток кучун (/) контур менен чектелген жана оң бурама эрежесине ылайык контурдун тегиздигине перпендикуляр аянтка (S) көбөйтүлгөн көбөйтүндүсүнө барабар: Pm=I-S , мында А—контурдун аянтынын вектору.

Бирдиктердин эл аралык системасында (СИ) Магнит моменти А-м2 менен өлчөнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.