Магнит релаксациясы

Википедия дан

Магнит релаксациясы — релак­сация этаптарынын бири;

  • бул этап чөйрөнүн атомдорунун жанa молекулаларынын спиндик магнит момент­теринин катышуусу менен ал чөйрөдө термодинамикалык тең салмакта болуу процесси.
  • Магнит релаксациясы этаптар боюнча бо­лот да, анын акыркы этабы спиндердин башка эркин даражалар менен (мис., спиндер системасы менен термелүү кванттарынын — фонондорунун) тең салмакта болушуна дал келет.
  • Магнит релаксациясынын түрдүү этабы өзүнүн релакса­ция убактысы менен аныкталат, мис., кристаллдарда спин-спиндуү жанa спин-торчолуу релаксация убактысы киргизилет.
  • Магнит структуралуу чөйрөдө спин толкундарынын бири бири менен, o. эле фотондор менен кагылышуусунан Магнит релаксациясы пайда болот.
  • Катуу заттарда магнит релаксациясы ал заттардын структурасына көз каранды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.