Майкл Жей Фокс

Википедия дан

Майкл Эндрү Фокс (англ. Michael J. Fox;9-июнда 1961-жылы туулган) — профессионалдык чөйрөдө Майкл Жей Фокс деген ысым менен таанымал, Канада менен Американын жараны. Актер, автор, продюсер жана активист. 1970-жылдардан бери тасма жана телеберүүлөргө тартылып жүргөн Фокс «ABC» телеканалындагы «Спин сити» (1996–2000) ситком комедиялык сериалындагы Майк Фаэртинин образын жараткан актер катары белгилүү. Бул үчүн ал «Эмминин», «Алтын глобустун» үч жана «АКШ киноактерлор гилдиясынын» эки сыйлыгын жеңип алган. Анын башка көрүнүктүү ролдоруна «Келечекке кайтуу» (1985–1990) үчилтигиндеги Марти Макфлайдын жана «NBC«» телеканалындагы «Үй-бүлөлүк байланыштар» (1982–1989) сериалындагы Алекс П. Китондун образдары кирет. Бул үчүн ал «Эмминин» үч сыйлыгын жана «Алтын глобустун» байгесин утуп алган.

Фокско 29 жашында 1991-жылы паркинсон илдети менен ооруйт деген диагноз коюшуп, анын абалын 1998-жылы коомчулукка ачык айтып чыгышкан. Фокстун оорусу күчөп кеткендиктен ал 2000-жылы жарым жартылай эс алууга чыккан. Ал «Майкл Жей Фокс» фондун түзүп, ошондон бери бул илдетке дары издеп, изилдөө иштерине кол кабыш кылып келет. Паркинсон илдетине дары издөөгө колдоо көрсөтүп келатканы үчүн ага 2010-жылдын 5-мартында Швециянын Каролинска институту ардактуу доктор наамын ыйгарган.

1999-жылдан бери Фокс негизинен «Кичинекей Стүарт» жана «Disney» компаниясынын «Атлантида: Жоголгон империя» сыяктуу тасмаларына үн коштоо менен алектенип келген. «CBS» телеканалындагы «Жакшы жубай» сериалында эптүү адвокат Луис Кэнниңдин образын үч жыл катары менен жаратканы үчүн ал «Эмми» сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ошондой эле Фокс «Бостондун юристтери», «Клиника», «Кызыгууңду көзөмөлдө» жана «Мени куткар» тасмаларында кайталанган образдарды жана камео ролдорду аткарган. Анын үч китеби жарык көргөн. Алар: «Мемуар» (2002), «Ар дайым алга: Айыга албаган оптимисттин окуясы» (2009) жана «Келечекке баратканда кызыктуу нерсе болду» (2010). Ал 2010-жылы Канаданын ордени менен сыйланган. Ошондой эле анын аты Канададагы жылдыздар аллеясына киргизилген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]