Мазмунга өтүү

Маймонид

Википедия дан
Маймонид Моисей.

Маймонид Моисей (1135—1204) — орто кылымдагы еврей философиясынын эң ири өкүлү. Маймонид Кордово шаарында талмудчунун үй-бүлөсүндө туулган, бирок Каирде жашап, Египет султаны Сала-эд-Диндин дарыгери болгон. Ал «Олку-солку болгондорго жол көрсөткүч» деген белгилүү чыгарманын автору.

«Олку-солку болгондорго жол көрсөткүч» чыгармасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул трактатта ал органикалык концепцияны иштеп чыгат жана Ааламды өзүнүн жыйындысында бирдиктүү индивидум, андан башка эч нерсе эмес деп эсептейт. Ал микро- жана макро космостун бирдейлиги жөнүндөгү көз карашты жактайт жана жаныбарлар дүйнөсү менен аны курчап турган дүйнөнү окшоштуруп карайт. Бул концепция Маймониддин көз карашында Аалам түбөлүк жашап турган эмес, аны Кудай жараткан деген креациондук түшүнүк менен айкалышып турат. Кудайдын Ааламды жаратуусу алты күнгө улантылат, бул алты күндүн ичинде табийгый мыйзамдар улам көбүрөөк ролго ээ боло берет. Жетинчи күндөн тартып Кудайдын Ааламга кийлигишүүсү токтойт да, ал табият мыйзамдары боюнча өнүгө баштайт. Мында Маймониддин деисттик позициясы көрүнгөн, бирок, буга карама-каршы Маймонид теңирлик кудуреттин жашап турарын жана анын биздин дүйнөбүздүн эң эле майда-чүйдө окуяларына чейин кийлигишерин тааныйт. Ырас, Маймонид теңирлик кудурет — бул адамдын жөндөмдүүлүгүнө баш ийбей турган жашыруун күч экендигин эскертет.

Маймонид философия менен динди элдештирүү позициясында турган. Негизинен ал башкы булак катарында Аристотелге таянат. Ал Торанын (Эски Осуяттын негизги бөлүгүн) негизги жоболорун кабыл алып, булар Аристотелдин философиясы менен толук шайкеш келет деп ырастайт. Маймонид, Аристотелдин жоболору менен Ыйык жазуунун текстеринин ортосунда пайда боло турган кайчылыктар Ыйык жазууну сөзмө сөз талдап-түшүндүрүу менен шартталган; эгерде аларды аллегориялык түрдө талдап-түшүндүрсө бардыгы макулдашылып турат деп эсептейт. Ыйык жазууда, Маймониддин пикири боюнча, аристотелизмдин бардык акыйкаттары чагылдырылган.

Профетизм позициясын

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маймонид профетизм позициясын туткан жана өзгөчө таланттуу адамдар окуяларды алдын ала айта билген көрөгөч адамдардан боло алышат деп ойлойт. Бирок пайгамбарларда да улуу акыйкаттар чагылгандын отундай жарк этип чыгып пайда болот. Ошондуктан пайгамбарларга гана бардык философиялык акыйкаттар ачылып көрүнгөн, алардын жарым-жартылайы Ыйык жазууларда өз чагылышын тапкан. Ал эми Ыйык жазууларга кирбей калган акыйкаттар жок болуп кеткен, Ыйык жазуу менен Аристотелдин ортосундагы кайчылыктар мына ушундан улам пайда болгон. Маймонид — өз заманында белгилүү инсан болгон, аристотелизмди жайылтууда да жана орто кылымдык схоластикалык философияны өнүктүрүүдө да сиңирген эмгеги чоң. Ал XIII кылымда үстөмдүк кылып турган батыш философиясынын көптөгөн проблемаларын көтөрүп чыккан, анын диний ишеним жана философия, акыл-эс жана аян жаатындагы изилдөөлөрү ал өзү өлгөндөн кийин да дээрлик эки жүз жыл бою бул проблематиканын өсүшүнө жана өнүгүшүнө олуттуу даражада жардам берген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]