Май алмашуу

Википедия дан

Май алмашуу — адамдын жана айбанаттардын организминдеги нейтралдуу майлардын айланышы жана биосинтезделиши.

Май алмашуу төмөнкү этаптар менен жүрөт: организмге тамак-аш менен кирген майдын ажырашы жана ичеги-карынга сиңиши; синген майдын ткандарда айланышы; бол. керектүү энергияны берүүчү май кислоталарынын кычкылданышы; Май алмашуу продуктуларынын организмден бөлүнүп чыгышы. Тамак-аштагы майдын көпчүлүгү ичегинин жогорку бөлүгүн - ажырайт жана сиңет. Уйку жана он эки безинин иштеп чыгарган (липаза) таасиринен майхар моноглицериддерге, аз санда болсо аз глицерин менен май кислоталарына чейин ажырайт. Ичегидеги майдын ажы­рашы ага келген от жана от кислотала­рынын өлчөмүнө байланыштуу. От кислотасы липазанын активдүүлүгүн күчөтөт, майдын эришине, ошондой эле эркин май кислотала­рынын сиңишине жардам берет. Өсүмдүктөрдө май углеводдордон пайда болот. Бул процесс бышып келаткан майлуу урук менен мөмөдө күчтүү жүрөт. Урук өскөндө майлар глицерин жана май кислотасына ажырап, алардан углеводдор пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.