Македония тарыхый аймак
Македония тарыхый аймак – Балкан жарым аралынын борбордук бөлүгүндөгү тарыхый аймак; Сербиянын түштүк-чыгыш, Грециянын түндүк-чыгыш жана Болгариянын түштүк-батыш бөлүгүн ээлейт.
Македония аймагында адам неолит убагында эле жашаган. Биздин заманга чейинки 5-кылымда биринчи жолу кул ээлик мамлекет пайда болуп, биздин заманга чейинки 3–2-кылымда аны римдиктер караткан. Биздин замандын 6–7-кылымдарында Македонияга славян уруулары отурукташкан. орто кылымда Македония алмак-салмак Византия, Болгар падышалыгы, Стефан Душандын серб мамлекетинин курамына кирип турган. 14-кылымдын аягында осмон түрктөрү басып алган. 1903-жылы Македония аймагында Ички македониялык революциячыл уюм (ИМРУ, 1893-жылы негизделген) улуттук-боштондук көтөрүлүш уюштуруп, аны түрк аскерлери баскан. Биринчи Балкан согушунун (1912) жүрүшүндө Македония түрктөрдөн бошотулуп, 1913-жылдагы экинчи Балкан согушу аяктаганда Бухарест тынчтыгы (1913) боюнча М. Грециянын, Сербиянын жана Болгариянын бөлүгүнө түшкөн. Греция Эгей Македониясын, Сербия Вардар Македониясын, Болгария Пирин аймагын алган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7