Мамаджанов Зулпукар

Википедия дан

Мамаджанов Зулпукар 1920-жылы 20-декабрда Сузак районунун Беш-Бала айылында туулган.

  • Багыш орто мектебинде билим алып, 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушка чакырылып, сержант кавалерист болуп кызмат өтөгөн.
  • Согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн, Ата Мекендик согуштун П-баскычтагы ордени жана 10 медаль менен сыйланган.
  • Согуштан келгенден кийин «Жаңы-Кайрат» колхозуна колхозчу болуп кирет.
  • 1949-1952-жылдары Октябрь Райком партияда пропогандист, кабинет жетекчиси болуп иштейт.
  • 1952-1954-жылдары Комунисттик Партиянын эки жылдык курсун, 1961-1966-жылдары Партиянын Жогорку мектебин аяктайт.
  • 1963-жылдан «Дружба» совхозунун Профсоюз уюмунун төрагасы, Жарандык коргоо комитетинде, мал чарбасында бригадир болуп эмгектенип 1973-жылы ардактуу эс алууга чыккан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3