Маманов Өмүр

Википедия дан

Маманов Өмүр 1923-жылы 15-июлда, Сузак районунун Багыш айылында туулган.

1942-жылдын сентябрь айынан, 1946-жылдын февраль айына чейин Улуу Ата Мекендик согушка катышып, 13-артилериялык куралдуу 76 м. м. полкто кызмат өтөгөн. Согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн, 1-баскычтагы “Кызыл-Жылдыз” ордени, “Германияны жеңгендиги үчүн”, “Эрдиги үчүн” жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган. Согуштан келгенден кийин, 1946-1963-жылдары “Жаңы Күч” колхозунда колхозчу, 1963-жылдан өмүрүнүн акырына чейин, “Дружба” совхозунда жумушчу болуп эмгектенген 1985-жылы март айында дүйнөдөн кайткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3