Мамасаидов Абдумуталиб Ташалиевич

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамасаидов Абдимуталиб Ташалиевич
Жалпы маалымат
Аты-жөнү: Мамасаидов Абдимуталиб Ташалиевич
Туулган жылы: 1964-жылы 15-февраль
Туулган жери: Ош облусу, Араван району
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Илимий чөйрөсү: медицина, врач-терапевт
Иштеген жери: ОшМУ, Медицина факультети, ички оорулар №1 кафедрасынын башчысы. Илимий даражасы  :медицина илимдеринин доктору
Илимий наамы: доктор

Мамасаидов Абдумуталиб Ташалиевич (1964-жылы туулган, Ош областы, Араван району, Араван айылы) – терапевт, медицина илимдеринин доктору (1997), профессор (2001). КММИни (1987), РФтин Волгоград клиникалык жана эксперименттик ревмотология ИИИнин докторантурасын (1997) бүтүргөн. Пермь мединститутунун филиалында ассистент, Волгоград медициналык академиясында доцент, ОшМУда профессор, кафедра башчысы, 1998-жылдан Кыргыз Республикалык медицина жана фармацевтик кызматкерлеринин билимин үзгүлтүксүз жогорулатуу борборунун Ош филиалынын директору. Ички оорулар жана ревмотология боюнча адис.

Эмгек тажрыйбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

30 жылдык эмгек тажрыйбасы бар. 1987-жылы Кыргыз Мамлекеттик медицина институтунун ички оорулар кафедрасынын “ички оорулар" адистиги боюнча клиникалык ординатор, 1989-жылы Кировск мамлекеттик медициналык академиясынын ички оорулар кафедрасынын окутуучусу, 1993-жылы Кировск мамлекеттик медициналык академиясынын ички оорулар кафедрасынын доценти, 1994-жылы Волгоград мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык терапия кафедрасынын доценти, 1994-жылы Волгоград НИИ клиникалык жана эксперименталдык ревматология ИИИнин докторантурасында докторант, 1997-жылы ОшМУнун медицина факультетинин ички оорулар кафедрасынын башчысы, 1998-жылдан тартып азыркы учурга чейин Кыргыз Республикалык медицина жана фармацевтик кызматкерлеринин билимин үзгүлтүксүз жогорулатуу борборунун Ош филиалынын директору, 2013-жылдан тартып азыркы учурга чейин ОшМУнун медицина факультетинин ички оорулар №1 кафедрасынын башчысы кызматын аркалап келүүдо

Диссертациялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

80ден ашык илимий эмгектин автору, анын ичинде 1 монография, 3 ойлоп табуусу бар.

  • Медицина илимдеринин кандидаты: ревматология боюнча адис, эмгеги «Спонтанная и антигенспецифическая активация при ревматоидном артрите» 1992.
  • Медицина илимдеринин доктору: ревматология боюнча адис, эмгеги «В-клеточная активация при ревматических заболеваниях» 1997.
  • Профессор: ички оорулар боюнча адис.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]