Маматов Кененбай

Википедия дан

Маматов Кененбай 1921-жылы азыркы Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка чакырылып, 1945-жылкы Жеңиш күнүнө чейин, Украина, Беларуссия фронтунда взвод командиринин орун басары болуп кызмат кылат. 4 жылдын ичинде 13 жолу жарат алган. Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн бир канча орден, медалдар менен сыйланган. Согуштан айылына кайтып келип, алгачкы жылдары Райком партияда 13 жыл, 6 колхоздун үстүнөн парторг, андан кийин 5 жыл төраганын орун басары, 17 жыл “Дружба” совхозунун №16 бригадасында ферма башчысы, андан соң, 10 жыл совхоздо кампа башчы болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3