Маматов Самаган

Википедия дан

Маматов Самаган 1950-жылы 10-февралда Сузак районунун Көк-Арт айылында туулган.

  • 1972-жылы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн.
  • 1972-1986-жылдары Жалал-Абад шаарында, райондор аралык айыл чарба химия ишканасында агроном, ишкананын директору, 1986-1992-жылдары Ош областтык агроөнөржайынын, Жалал-Абаддагы райондор аралык бөлүмүнүн, Жалал-Абад областтык “Агро жабдуу техсервис” бирикмесинин жетекчиси, 1992-жылдан “Жалал-Абад айыл чарба химия” акционердик коомунун төрагасы, 2003-2005-жылдары Жогорку Кеңешинин агрардык саясат комитетинин Төрагасы, 2005-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Токой кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.
  • Айылдык, шаардык кеңештерге бир канча жолу, 1995-жылы областтык кеңешке, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр палатасына депутат болуп шайланган.
  • 2005-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен «2-класстагы мамлекеттик кеңешчи» деген класстык чин берилген.
  • «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер» наамынын ээси.
  • Президенттин «Ардак грамотасы» менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3