Мамашева Гүлсүн

Википедия дан

Мамашева Гүлсүн (3. 11. 1947-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Ренжит айылы) – артист, ырчы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1976), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2011). "Даңк" орденинин ээси (2021).

1971-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Г. Мамашева – Совет доорунда Кыргызстанда биринчи түзүлгөн Ч. Кожомжаров жетектеген эстрада ансамблин алгачкы солисттеринин бири. 1971–83-жылдары К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде солист, 1983–87-жылдары Ысык-Көл областтык К. Жантөшев атындагы Кыргыз драма театрында артист болуп иштеген. Анын аткаруусунда «Кыштак четинде», «Жибек чач», «Ырдап кой», «Жаштык вальсы», «Назгүлүм» ж. б. ырлары Кыргыз телерадиосунун алтын казынасына жазылган. Ал театр жана кинодо да каармандардын образын жеткиликтүү ойногон. Аткарган ролдору: Чынар (Ж. Бөкөнбаев «Алтын кыз»), Зулайка (Ж. Турусбеков «Ажал ордуна»), Асел (Ч. Айтматов «Кызыл жоолук жалжалым»), Алтын (А. Дыйканбаев «Түпкүрдөгү сыр») ж. б. Г. Мамашева – «Жаралуу аркар» (2007) китебинин автору. Ж. Шералиев атындагы (1995), Ч. Айтматов атындагы (1997) эл аралык сыйлыгынын лауреаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]