Мамбетаипова Шакен

Википедия дан

Мамбетаипова Шакен (1936–1995) - акын, сүрөтчү.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шакен Мамбетаипова Тоң районундагы Туура-Там айылында 1936-жылы 20-ноябрда туулган. 1951-жылы Жети-Өгүз районундагы Покровка айылында турмуш-тиричилик комбинатына тигүүчү болуп кирген. 1960-жылы өзүнүн оюулар чийилген альбому менен Фрунзедеги Кыргыз ССРинин Сүрөтчүлөр союзуна кеңеш алуу үчүн келет жана Көркөм фонддун килем жасоочу цехине саймачы, Фрунзе шаарындагы көркөм буюмдар фабрикасынын башкы сүрөтчүсү болуп орношкон. 1965-жылы Оштогу ВЛКСМ атындагы жибек комбинатына которулуп, көчүрмөчү болуп иштейт. 1966–1970-жж. Көркөм окуу жайынын прикладдык бөлүмүндө окуган. Ошол эле мезгилде Кыргыз ССРинин Тарых музейине сүрөтчү-реставратор болуп иштейт. 1968-жылы Бүткүл дүйнөлүк студенттердин жана жаштардын IX фестивалына катышып, жергиликтүү өнөр жай министрлигинин борбордук конструктордук техникалык бюросунун көркөм ишканасында улук инженер-сүрөтчү болгон. 1971-жылдан СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1975-жылдан Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер. 1994-жылдан «Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү».

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз пейили: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 36 б.
  • Кыргыз орнаменти. – Ф.: Кыргызстан, 1980. - 28 б.
  • Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1981. - 184 б.
  • Байыркы жылдыздар. – Ф.: Мектеп, 1984.-71 б. – Ф.: Адабият, 1989. – 71 б.
  • Оюмдагы обондор. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 126 б.
  • Улуу тоолор.