Мамбетжума Мамбетакун

Википедия дан
Мамбетакун, Мамбетжума‎»‎ барагынан багытталды)
Кытайлык кыргыз композитор Мамбетжума Мамбетакун, Ак-Чий шаары, КЭР. 12.7.2014.

Мамбетжума Мамбетакун (1957-жылы бештин айынын (декабрдын) 25инде Кытайдагы Тегирмети айылында, Корумдук кыштагында туулган) (Mambetjuma Mambetakun) – Кытайдагы кыргыздардын көрүнүктүү композитору, обончу жана аткаруучусу, музыка таануучу, анын ичинде "Манас" эпосунун музыкалык өңүтүн изилдөөчү. Теги кыргыз. Ушул тапта Артыш шаарында жашайт. Мамбетжума Мамбетакун Кытай Эл Республикасынын 2-даражадагы композитору (1992) илимий даражасын алган.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамбетжума Мамбетакун 1957-жылы бештин айынын (декабрдын) 25инде Кытай Эл Республикасындагы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун борбору Aртыш шаарына караштуу Tегирмети айылынын Kорумдук кыштагында туулган.

1976-ж. Кытайдын Шинжаң Уйгур автоном районунун борбору Үрүмчү шаарында Шинжаң көркөм өнөр институтун аяктаган.

Көп жылдар бою Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун борбору Aртыш шаарында жайгашкан Кыргыз автоном облустук ыр-бий ансамблинин композитору болуп иштеп келди.

2012-ж. тартып ардактуу эс алууга чыккан, бирок демилгелүү коомдук-чыгармачыл турмушту улантууда.

Музыка таануу жаатындагы илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамбетжума Мамбетакун кыргыздардын музыкалык мурасын, анын ичинде “Манас” дастанын айтуудагы кылым карыткан өнөрүн музыкалык өңүттө изилдөө жаатында Кытайда жана Кыргызстанда бир канча макалалар жарыялап, илимий баяндамалар жасаган. Музыка таануу жаатында эки китеп жарыялаган.

Кыргызстан менен маданий алакалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамбетжума Мамбетакун Кытай менен Кыргызстандын маданий байланыштарын чыңдоо жаатында 1990-жылдардан бери ырааттуу салым кошуп келе жатат.

Маселен, 2015-жылы 1-2-август күндөрү Кыргызстандагы Нарын облусуна караштуу Соң-Көл жайлоосунун Таш-Дөбө табыгый ат майданында «Манас, Маданият, Туризм» деп аталган эл аралык деңгээлдеги фестиваль болуп өттү. Ага Кытай Эл Республикасынын 2-даражадагы композитору Мамбетжума Мамбетакун уулу жетектеген атайын топ дагы катышып, бул фестивалды шаңга бөлөдү.

Фестивал маалында М.Мамбетакун уулу: «Мен ушундай майрамга катышып жатканыма сыймыктанып турам. Эки мамлекет ортосунда жолдор ачылып, байланыш күчөп жатат. Биз илгеркидей кадимки «Кыргыз көчүн» көрө алдык. Кытайда дагы элдердин улуттук байлыктарына чоң көңүл бурула баштады. Манас атанын урпактары аман болушсун. Эки өлкөнүн элдери өнүгүп өссүн», - деген пикирин билдирди.

Анын жубайы Дүйшөкан Сейит кызы да Кыргызстанга 1990-жж. тартып көп ирет келип, Кыргыз улуттук филармониясы менен тыгыз кызматташып, бир нече жолу концерт берген.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамбетжума Мамбетакун музыкалык чыгармалары, композитордук жана аткаруучулук ишмердиги үчүн Кытай Эл Республикасындагы жана анын ичинде Кызыл-Суу Кыргыз автоном районундагы бир катар мамлекеттик жана башка сыйлыктарга татыктуу болгон.

1992-ж. Кытай Эл Республикасынын 2-даражадагы композитору (доцентке татырлык) илимий даражасын алган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жубайы – белгилүү ырчы Дүйшөкан Сейит кызы, Кытайдын бир катар кадыр-барктуу сыйлыктарынын, Кыргызстандын “Данакер” орденинин (2011-жыл) жана Жогорку Кеңештин Ардак грамотасынын (2014-жыл) ээси.

Алардын эки кызы (Анаргүл жана Арзыгүл), бир уулу (Мамбетнур) бар.

Эки кызы тең Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинде таалим алышкан.

Мамбетнур Мамбетжума уулу болсо КЭРдин Үрүмчү шаарында казына башкаруу адистиги боюнча институтту аяктаган.

Мамбетжуманын бир тууган иниси – профессор Мамбеттурду Мамбетакун.

«БИЗ» ыры[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Композитор жана аткаруучу Мамбетжума Мамбетакун уулу өзүнүн иниси Мамбеттурду Мамбетакун 1990-жж. жазган “Биз” аттуу ырдын текстине обон чыгарган.

Азыркы тапта бул обондуу ыр Кытайдагы кыргыздардын арасында гана эмес, Кыргызстанда да кеңири аткарыла баштады.

Сөзү: Мамбеттурду Мамбетакун уулу
Обону: Мамбетжума Мамбетакун уулу

Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз,
Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз.
Чөп болдук жер тандабай өсө берген,
Булуттай аалам кездик, сөгүлдүк биз.

Кайырмасы:

Маркасын издеген марал,
Боор эзип боздогон каймал.
Манастан айрылып кыргыз,
Тагдырга көз салат жал-жал.

Тагдырды таштуу жерге аркандадык,
Тагдырлар таштап кетсе арданбадык.
Энесай узатканда аттар семиз,
Чарчадык, тагдырды кууп чарчабадык.

Кайырмасы:

Маркасын издеген марал,
Боор эзип боздогон каймал.
Эзилип эмчеги ийип,
Энелер жашыруун кал-кал.

Эзилип эмчеги ийип,
Энелер жалдырап кал-кал.

Эрлер жок ат жалына казан аскан,
«Насыйкат» угулат ал өтө алыстан.
«Караз көй» күүсүн чалдык кайрып-кайрып,
Энелер жолду карайт ак жоолукчан.

Кайырмасы:

Маркасын издеген марал,
Боор эзип боздогон каймал.
Күтүүнүн ченеми болот,
Оо курбум сапарга аттан.
Күтүүнүн ченеми болот,
Кыргыздар дүйнөгө,
Кыргыздар дүйнөгө аттан.


Чыгармаларынын кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маметжума Мамбетакун уулунун «Айчүрөктүн түшү» аттуу «Манас» эпосуна ылайыктап жазган обондуу кайрыктары, ж.б. чыгармалары Кытайда жана Кыргызстанда концерттерде аткарылган.

  • Мамбетакун, Мамбетжума. Кыргыз күүлөрү. – Үрүмчү: Шинжаң илим-техника басмасы, 2011.
  • Мамбетакун, Мамбетжума. Кыргыз элдик обондору. – Үрүмчү: Шинжаң илим-техника басмасы, 2011.
  • Макала: Мамбетакун, Мамбетжума. “Манас” эпосунун обону жөнүндө алгачкы изденүү // ”Манас” эпосу боюнча илимий макалалар жыйнагы (1). / Жооптуу редактору Нооруз Үсөнали. – Үрүмчү: Шинжаң эл басмасы, 1991. - 445 бет. - Жуңго элдик ооз адабият-көркөм өнөрчүлөр коомунун Шинжаң бөлүмчөсү менен Шинжаң кыргыз тил, адабият, илимий изилдөө коому. - Жооптуу корректору Гүлстан; мукабасын Мекекан жасаган. – Б.

Музыкалык чыгармаларынын кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Айчүрөктүн түшү» аттуу «Манас» эпосуна ылайыктап жазган обондуу кайрыктары.
  • Сүйүү оту өчпөс. – Обон. - Тексти – Жаанбай Машек мырзаныкы.
  • Биз. – Обон. - Тексти: Мамбеттурду Мамбетакундуку.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыскача сүрөт баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир тууган Мамбетакун уулдары. Корумдук кыштагы, Тегирмети, Артыш аймагы, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу, ШУАР, КЭР. Солдо - профессор Мамбеттурду Мамбетакун, оңдо - композитор Мамбетжума Мамбетакун, ортодо - алардын улуу агасы Мамбеттокто Мамбетакун. 13.7.2014.