Мамлекеттик баалуу кагаздар

Википедия дан

Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногу баалуу кагаздардын төмөндөгү түрлөрү менен иш алып барат:
МКВ - Мамлекеттик казына векселдери
МКО- Мамлекеттик казына облигациялары
КМ - Казына милдеттенмелери
Улуттук банктын ноталары

Мамлекеттик баалуу кагаздар (жөнгө салуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карыздарын кайра тариздөөнүн натыйжасында, 2002-жылдын 23-декабрында Финансы министрлиги тарабынан төмөндөгүлөр чыгарылган:
- Кайрадан жаңыртылуучу мамлекеттик казына векселдери (жөнгө салуу);
- "NBKR" сериясындагы мамлекеттик казына милдеттенмелери (жөнгө салуу);
- "Jibek-Jolu" сериясындагы мамлекеттик казына милдеттенмелери.

1. Кайрадан жаңыртылуучу мамлекеттик казына векселдери (жөнгө салуу) (МКВ ж.с.) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан дайыма чыгарылып турган, мамлекеттикказына векселдерине негизинен окшош мамлекеттик баалуу кагаздар болуп саналат. Мамлекеттик казына векселдери (ж.с.) Финансы министрлиги тарабынан Улуттук банктын пайдасыначыгарылат. Бул баалуу кагаздардын кайрадан жаңыртылышынын таржымалы төмөнкүчө:

Улуттук банктын портфелинде турган МКВ (ж.с.) төлөө датасына карата Финансы министрлиги бир эле учурда аны төлөө менен Улуттук банктын пайдасына жаңы сериядагы МКВ (ж.с.),төлөнгөн баалуу кагаздардын санына барабар санда чыгарат. МКВ (ж.с.) жаңыртуу мамлекеттик казына милдеттенмелеринин (жөнгө салуу) колдонуу мезгили ичинде жүзөгө ашырылат. Улуттук банк акча-кредит саясатынын максаттарында РЕПО операцияларын жүргүзүү үчүн МКВ (ж.с) пайдаланууга укуктуу.

Мамлекеттик казына векселдери купондук баалуу кагаздар болуп саналат жана төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ:
- кагазсыз формада чыгарылат;
- номиналдык наркы 100 сом;
- жүгүртүү мөөнөтү 3, 6 жана 12 ай;
- купондук чени жөнүндө: тиешелүү мөөнөттөгү, ушул баалуу кагаздар менен бир эле күнү чыгарылган МКВ кирешелүүлүгүнүн маанисине барабар;
- чыгарылган күнү жөнүндө: МКВ чыгарылган ошол эле календардык күн, биринчи чыгарылыш күнү – 2002-жылдын 23-декабры.
МКВ (ж.с.) боюнча пайыздарды төлөө негизги сумманы төлөө менен бир эле учурда жүргүзүлөт. Баалуу кагаздар боюнча пайыздык (купондук) төлөмдөрдү эсептөө үчүн "күндөрдүн ишжүзүндөгү саны/365 (366) күн" базасы пайдаланылат.
Финансы министрлиги менен түзүлгөн келишим боюнча мамлекеттик казына векселдеринин (ж.с.) депозитардык эсепке алынуусу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жүргүзүлөт.
2. "NBKR" сериясындагы Мамлекеттик казына милдеттенмелери (жөнгө салуу) (МКМ ж.с.) кагаз формасындагы март/март мезгили ичиндеги плюс 2 пайыз жылдык инфляциянын маанисине барабар өзгөрүлмөлүү купондук чендеги орто мөөнөттүү купондук баалуу кагаздар болуп саналат. Эгерде, инфляция терс мааниде аныкталган болсо, купондук чен жылдык 2пайызга барабар кабыл алынат. Купондук төлөмдөр жыл сайын 23-апрелде жүргүзүлөт. Пайыздык төлөмдөрдү эсептөө үчүн "күндөрдүн иш жүзүндөгү саны/365 (366) күн" базасы пайдаланылат.

МКМ (ж.с.) үч жылда бир жолу чыгарылат. Ар бир серия тиешелүүлүгүнө жараша бир, эки жана үч жылдык мөөнөттүү үч баалуу кагаздан турат. Мында, биринчи сериядагы баалуу кагаздардын мөөнөтү 4 айга узартылат. Баалуу кагаздар ар бири өз мөөнөттүүлүгүнө жараша 23-апрелде төлөнөт. Жаңы сериядагы МКМ (ж.с.) чыгаруу мурдагы сериядагы үчүнчү (үч жылдык)баалуу кагаздарды төлөө датасында жүргүзүлөт.

Бир жылдык жана эки жылдык баалуу кагаздар толук өлчөмдө төлөнүп берилет. Үчүнчү баалуу кагаз аны төлөө датасына карата Финансы министрлиги тарабынан Улуттук банкта ачылганкарыздарды тейлөө эсебинде каражаттардын топтолгон калдыгынын өлчөмүндө төлөнүп берилет, мында, ал мөөнөтүнөн мурда толук же бөлүп-бөлүп төлөнүшү мүмкүн. Үчүнчү баалуукагаздын төлөнбөгөн бөлүгү МКМ (ж.с.) жаңы сериядагы МКМге кайрадан таризделет. Жаңы сериядагы МКМ чыгаруу МКМ(ж.с.) боюнча карыздарды толук төлөгөнгө чейин жүзөгөашырылат.

3. "Jibek-Jolu" сериясындагы мамлекеттик казына милдеттенмелери (Jibek-Jolu МКМ) кагаз жүзүндөгү, март/март мезгил ичиндеги плюс үч пайыз жылдык инфляциянын маанисинебарабар, өзгөрүлмөлүү купондук ставкадагы орто мөөнөттүү купондук баалуу кагаз болуп саналат. Эгерде, инфляция терс мааниде аныктала турган болсо, анда купондук ставка жылдык үчпайызга барабар кабыл алынат. Купондук төлөмдөр жылына 23-апрелде жүргүзүлөт. Пайыздык (купондук) төлөмдөрдү эсептөө үчүн "күндөрдүн иш жүзүндөгү саны/365 (366) күн" базасыпайдаланылат. "Jibek-Jolu" МКМ мөөнөтү 5 жыл 4 ай жана 2008-жылдын 23-апрелине чейинки мөөнөттө төлөнөт.

Баалуу кагаз мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп-бөлүп төлөнүшү мүмкүн.

Маалымат булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын сайтынан