Мамлекет жана Революция

Википедия дан

Мамлекет жана Революция – Мамлекет жана пролетариаттын революциядагы милдеттери жөнүндө марксизмдин окуусу – 1917-ж. август-сентябрда жазылып, 1918-басылган В. И. Лениндин эмгеги. Россияда социалисттик революцияга даярдануунун шартында пролетариаттын мамлекетке болгон мамилеси жөнүндө маселе курч теориялык жана практикалык мааниге ээ болгон. Ленин бул эмгегинде мамлекет теориясынын негизги маселелерин чагылдырган. 1848–51-ж. революциянын, айрыкча 1871-ж.

Париж коммунасынын тажрыйбасын жалпылоонун негизинде жазылган Маркс менен Энгельстин мамлекет жөнүндө теориясына таянган. Революцияда жумушчу табынын негизги милдети буржуазиялык мамлекеттик машинаны кыйратуу жана пролетариаттын диктатурасын орнотуу деген марксизмдин корутундусун негиздеген, бирок эмгеги бүтпөй калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8