Мамытбеков Сейитказы

Википедия дан

Мамытбеков Сейитказы (15. 1949-ж. туулган, Суусамыр өрөөнү, 8-Март (учурда Кожомкул) кыштагы) - тажрыйбалуу педагог.

  • Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин бүтүргөн (1973).
  • Эмгек жолун ошол эле жылы 8-Март орто мектебинде математика мугалими болуп баштап, 1976-жылга чейин иштеген.
  • Фрунзе шаарындагы республикалык сырттан окуу мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы (1976-81), Суусамыр орто мектебинде мугалим (1981-83), Тунук негизги мектебинде директор (1983-88), Суусамыр орто мектебинде мугалим болуп эмгектенген.
  • 1992-93-жылдары Суусамыр районунун статистика башкармалыгынын башчысы, 1993-94-жылдары жаңы уюшулган «Каракол» совхозунун директору болгон.
  • 1994-жылдан Суусамыр орто мектебинде мугалимдик кесибин улантып келе жатат.
  • Жаныш уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9