Манак, урук

Википедия дан

Манак - баргы, басыз, бугу урууларынын курамындагы уруктар (Абрамзон, 124). Манак VIII-IX кк. Ысык-Көлдөгү Барскан калаасынын акиминин титулу катары белгилүү болгон (Урстанбеков, Чороев, 1990, 113). XIV к. жалайырлардын уруулук курамы "чу-манак" жана "сыр-манак" деген эки ири топко бөлүшкөндүгү маалым (Тынышпаев, 1925, 6). Этникалык аталыштын кыргыз тилиндеги мааниси тактала элек. Алтайлыктардын тилинде "манакай"- буктурма; тува тилинде: "манаг" - 1. Түнкү мезгил; 2. Сакчылар; 3. Түнкү аң улоо маанилерин туюнтат (Молчанов, 1979, 260). Ал эми тува-орус сөздүгүндө төмөндөгүдөй аньжтама берилет: 1. Жылкы үйүрүн кайтаруу; 2. Сакчылык: 3. Түнкү аң улоо:. 4. тув. Манагжы «түнкү аң улоо» (Тувинско-русский словарь, 1968, 287). Жогорудагы мисалдар этнонимдин "сакчы", "сакчылар" маанилерин туюнтарын аныктайт десе болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз этнонимдер сөздүгү. Олжобай Каратаев. -Б.2003.