Манастын Айган менен согушу

Википедия дан

Манастын Айган менен согушу — эпосто өзүнчө окуя катары айтылып мурдатадан келе жаткан туруктуу салттык сюжеттердин бири.

Таласка көчүп келгенден кийин Алмамбеттин кеңеши боюнча Кенжуттун башкаруучусу Айган канга каршы аттанышат. Айгандын элине жакындаганда жоодон кабар алууга кайгуулга барган Алмамбет кенжуттуктардын Мардуба аттуу аярына жолугуп, аны өлтүрүп, кебин кийип Мардуба болуп алып шаарга кирет. Кандын ордосуна барып, кыз оюндун үстүнөн чыккан Алмамбет оюнга катышып, табышмак айтат. Алмамбет Айган кандын кызы Алтынайга токмок салат. Жар көрүшүүдө Алмамбеттин өпкөнүнөн Алтынайдын бети канап кетет. Шекшинген Алтынай кармаганга буйрук кылат. Тополоңдон пайдаланып Алмамбет качып кутулат. Манас Айганды жеңип, олжо бөлгөндө өзү жактырып калган Алтынайды мен алайын деп Алмамбет суратат. Меңдибай бузуктук кылып Манас менен Алмамбеттин ортосуна чагым салып, Алтынайды Манас алат. Таарынган Алмамбет качат. Манас катуу өкүнүп, Алмамбеттин артынан кууп издешип, аны Сыргак табат. Манас Алмамбеттен кечирим сурайт.

Эпизод Радлов жазып алган вариантта «Көзкамандар окуясына» тыгыз байланыштуу берилген. Көзкамандар жөнүндөгү баян Айганга каршы аттанып бараткан жолдо башталып, Манасты Көзкамандардын уулантуусу да Айгандан түшкөн олжону бөлүүдөгү чырдын натыйжасы катары айтылат. Окуя негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын, көп майда деталдары, ыр саптары бирдей айтылат (Алмамбеттин табышмагы, жар көрүшүү жана башкалар). Алтынайды Алмамбет алат.

Саякбай Каралаевдин  вариантында Айган кан окуясы жок. Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4