Манастын Көзкамандардын көчүнө жолукканы

Википедия дан

Манастын Көзкамандардын көчүнө жолукканы — «Көзкамандар окуясына » тиешелүү сюжеттин башталыш түйүн эпизоду.

Көкчөнүкүнөн аттанып чыгып, Манас кырк чоросу менен аң уулап тамаша кыла кетмек болуп Тарбагатай тоосунда бугу, марал атып жүрүшүп, көбү жөө, азыраагы аттуу көчкө жолугат. Арасындагы аксакал адамдан жай сураша келип тууган экенин билишип кубанып көрүшүшөт. Көчтү Кара-Талдын оюна кондуруп, Көкчөгө , айланадагы казак, калмактарга кабар айттырып, кадыр салып суратып, үч Жүз жылкы чогултуп жаңы туугандарына берип, элге сүйүнчүлөп киши чаптырат. Абасы Үсөнгө эми өзүңөр жай келе бергиле деп, жол көрсөтүүгө бир нече жигит калтырып, Манас аттанып кетет. Кабарчылардын кабары аркылуу Үсөндүн келе жатканы элге дайын болот.

Радлов жазып алган вариантта да Көзкамандардын көчү, аларга Манастын талаадан жолугушу, элге кабар берүү айтылат.

Саякбай Каралаевдин вариантында жок. Шапак Рысмендеевдин вариантында, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында айрым өзгөчөлүктөр менен баяндалат, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Сагымбай Орозбаковдун вариантына алда канча жакын айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4