Манастын Орго кан менен согушу

Википедия дан

Манастын Орго кан менен согушу — мекенди бошотуу темасындагы орчундуу окуялардын бири, ушул бөлүмдөгү күрөштүн курчуп, жетилүү чегине жакындаган учуру.

Текес кандын согушта өлгөнүн көргөн Култаң аяр качып Былчакай менен Төтөнү ашып, үч күндө Кер-Көлдөгү Орго канга келип алтайлык кыргыз Манас деген чыгып, ага-иниңди бүт кыйратып келе жатат! Жасооңду мыктап жамдап, жарагың болсо камда деп кабар берди. Орго кан айланасындагыларга эле эмес, Чуудагы чоң пааша Акунбешимге чейин киши жиберип кабар айттырып, дүрбөп, камданып, кошуну жети жүз миң киши болуп, жонго туу тигип, күтүп жатканда Манас ал жерге жетип, эки кол маңдай-тескей токтоп, урушка камынышты. Калмактар Атан деген балбанын жекеге каалашты. Ал кыргыз деген ким? Мен анын бирин койбой кыйратам деп мактанып алачык үйдөй чоюнбашын колуна алып майданга бет алды. Эл жарылып, Атандын жолун ача бергенде алдынан бир жүдөө чал чыкты. Кач, өлөсүң деп, элдин кыйкырганына болбой бүжүрөгөн чал жол бошотподу. Атан чалга жетип, жонунан чапчып ыргытып жибермек болуп, аттан эңкейди эле, чал бурулуп Атанды аттан оодара тартып, көөдөнүнөн басып туруп башын жулуп алды. Ал кыргыздардын ары балбан, ары аяр Көйүш баатыры экен. Түрүн өзгөртүп алып, жоонун сырын билгени мурда эле калмактардын арасына келиптир. Көйүш аярдын өнөрүн көргөн калмактар жинби же адамбы деп катуу таң калышты. Орго кан бирден барып өлбөй, жалпы качырып аламан согуш салгыла деп буйрук кылып, калмак колу жапырт ат койду. Эки кол аралашып, катуу согуш шашкеден түш оогончо созулду. Аламанда Манаска кезиккен Орго кан өлүм тапты, Жамгырчы менен беттешип Көймен шаа өлдү, Илебин канды Бакай атып өлтүрдү.

Күн батарга жакындаганда туусу жыгылып, каны өлүп, кайрат кылар адамы калбаган калмактар туш-тушка бет алып жалпы качып калышты. Кеч кирип, көз байланып, уруш токтоду. Эртеси калмактардан дайын жок. Баш болор кишиси жок кошун бет-бетинен тарап кетиптир. Оргонун аялы Санамкүл эки баласын ээрчитип, казак Ыраман аттуу увазирин, ырчы баласы Каратай менен кошо жанына алып, көп тартуу менен Манаска келип тынчтык сурады. Өтүнүчү кабыл алынып, Манас Каратайды жанына калтырып, калганын жайына кайтарды. Каратай кырк чоронун бири болуп, кийин Ырамандын Ырчыуул аталды.

Манас эли менен кеңешип, Чүйдөгү кытай каны Акунбешимге каршы аттанууга бүтүмгө келишти.

Бул эпизод Радлов жазып алган вариантта, ошондой эле Саякбай Каралаевдин вариантында да жок. Бирок, Орго кытайлардын түпкү канынын казыналык чоң балбаны катары Саякбай Каралаевдин вариантында да эскерилет. Ал кырк үйлүү кыргыз Алтайдан качып Ала-Тоого бараткан жолдогу согуштардын биринде Манас колдуу өлгөнү айтылат. Башка манасчылардан Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында кыска түрдө орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4