Манастын салбырынга чыкканы

Википедия дан

Манастын салбырынга чыкканы— көчмөн элдердин байыртадан келе жаткан экономикалык, коомдук-саясий тарбиялык чоң мааниге ээ салттык жөрөлгөлөрүнүн биринен. Орчундуу көп маселелер салбырын учурунда чечилүү көчмөн элдердин көбүнө мүнөздүү белги.

Сюжеттин өнүгүшүндө Манастын кан шайланышын даярдаган милдетти аткарат. Баатырдын салбырынга чыгышын баяндоо жөө жомоктордо да, эпостордо да кеңири учурайт.

Жакып канатташ жашаган аргын Каракожо, алчын Бообек, манжулук Бөгөн, найман Көгөн, кыргыздан Саламат, кыпчак Ошпур болуп Мамырдын кара сазында өзөн бойлой конушуп бейкут жатканда өңчөй жаштар Коңко тоосуна салбырынга чыгышат. Сексен төрт киши Чаркастандын оюна барып, чатыр тигип, ит агытып, куш салып, талаага алты конушат. Салбырында жүргөндөрдүн алды жыйырма беште, эң арты он беште экен. Алар чогулуп отуруп сексен төртүбүз бирөөнү төрө деп, анын сөзүн угуп, айтканын аткаралы. Ким атын союп берсе, ошону кан көтөрөлү дешти. Жашы улуусунан баштап катары менен сураса эч кимиси атын сойгонго макул болбойт. Көбү бийликти Манаска берип койгонмун дейт. Акырында элдин эң кичүүсү он беш жаштагы Манаска кезек жеткенде, ал атын союп кан болуш элде жок кеп, антип кан болбой эле койдум, бирок атын аяп жатат деп ойлобогула, эт жегиңер келсе Аккуланы соё бергиле дейт. Анда Чегебай: Аккула арык, мен минген боз бышты Манастыкы, Жакып байдын жылкысынан жаңы кармалган, абыдан семиз, Манас макул болсо ошону сойгула дейт. Бул сөзгө макул болуп боз быштыны союп жеп, качса болбой Манасты кармап алышып, ак тердикке салып кан көтөрүштү. Кан нөкөрү бизбиз деп каткырып күлүп калышты.

Салбырын Радлов жазып алган вариантта да, Саякбай Каралаевдин вариантында да жок. Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын ТМВда берилген. Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Манас жолдоштору менен ууда жүргөн жеринде Нуукерге кабылганы гана эскерилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4