Манастын туулушу жана балалык чагы

Википедия дан

Манастын туулушу жана балалык чагы — эпостун башталыш окуяларын камтып турган чоң эпизод, чыгармадагы туруктуу салттык окуялардын бири. Адатта баатырдын теги жөнүндөгү маалыматтардан башталып, Манас эр жеткенге чейинки окуяларды бүт баяндайт. Көптөгөн маалыматтардан, майда окуялардан турат. Аларды мазмунуна карай шарттуу түрдө ар бирин өзүнчө атоого болот. Мисалы, баатырдын теги, күчтүү жоодон жеңилген кыргыздардын чабылып-чачылышы, баласы жок Жакыптын зары, жана башкалар

Бөлүм «Манастын» белгилүү тексттеринин дээрлик бардыгында бар. Булар бир манасчыда түрдүүчө аталышы жана камтыган окуялары ар башка болушу мүмкүн: Радлов жазып алган вариантта «Манастын туулганы» — деп аталып, эпостун биринчи окуясы катары белгиленген. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча тема башка аталганы менен окуянын жалпы нугу жана мазмуну негизинен салттык түрдө берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4