Манасчылар мектеби
Манасчылар мектеби Белгилүү бир эпикалык чыгарманы айтуучулардын бири-бирине чыгармачылык таасиринин, устаттан шакирттеринин таалим алуусунун, үйрөнүүсүнүн натыйжасында варианттары өз ара жакын, окшош келип, башкалардын варианттарынан бир кыйла өзгөчөлүккө ээ болгон айтуучулардын тобу фольклористикада айтуучулар мектеби деп аталат. Айтуучулар мектеби эпикалык чыгармачылыгы күчтүү өнүккөн элдердин көбүнө мүнөздүү келип, уруулук түзүлүш күчтүү сакталган жерлерде мындай мектептер уруу ыңгайына карата, ал эми отурукташкан элдерде аймактар боюнча түзүлөт. Мисалы, 19-кылым—20-кылымдын башында Самарканд облусунда өзбек дастанчыларынын булунгурлук жана нураталык деген эки чоң мектеби болгон. Ал мектептердин өкүлдөрү өз жеринен чыккан дастанчылардын таасиринде болушуп, эпикалык чыгарманын ошол аймакта айтылыш салтын улантышкан. Ал эми уруу боюнча бөлүнүшү Борбор Азиядагы айрым түрк-моңгол элдеринде байкалат.
Учурунда М. Ауэзов манасчылардын Нарын жана Каракол мектептерин белгилеген. Чындыгында «Манас» эпосунун варианттарын салыштыра келгенде «Манас» айтуучулардын бир нече мектеби болгонун байкоого болот. Сагымбай Орозбак уулунун вариантына Шапак, Багыш, Тоголок Молдо, Молдобасандын, Саякбай Карала уулунун вариантына Мамбет, Дуңкана, Шаабай, Кааба жана башкалар манасчылардын варианттары жакын. Бирок, манасчыны тигил же бул мектепке таандык кылууда этият болуу керек. Анткени, айрым манасчылардын варианты тигил мектепке да, бул мектепке да мүнөздүү көрүнүштөргө ээ. Мисалы, Дуңкана Кочукеевдин варианты сюжети жагынан негизинен Саякбай Карала уулу таандык мектепке кирген варианттарга жакын болгону менен андан кескин өзгөчөлөнгөн, Сагымбай Орозбак уулу башында турган мектептин варианттарына жакын айырмачылыктарга ээ. Бул манасчы эки мектептин өкүлдөрүнүн тең таасирин алгандыгынан болуу керек (жаштык курагы Тянь-Шань аймагы менен көл кылаасында алмак-салмак өткөн). Молдобасан Мусулманкул уулу менен Шапак Рысменде уулунун варианттарынын аяккы бөлүгү «Кичи казат» Сагымбай Орозбаковдун вариантынан таптакыр өзгөчөлөнүп, Саякбай Каралаевдин вариантына өтө жакын. Буга караганда эки мектептин өкүлдөрү дайыма чыгармачылык байланышта болуп, тигил же бул мектептин көрүнүктүү өкүлү репертуарындагы эң кызыктуу эпизоддору менен башка мектептин өкүлдөрүнө такай таасир тийгизип турган. Чоң манасчылардын баянына таянганда алардын айтуучу катары такшалуучу жана өз вариантын улам толуктап, өркүндөтүп отурушу белгилүү чөйрөнүн чеги же мектептин таасири менен гана чектелген эмес. Мисалы, Тыныбек ар кайсы аймактарда жашаган өз учурунун чоң манасчылары Нармантай, Келдибек, Акылбек, Балыктардан таалим алган. Кантип манасчы болгонун сурагандарга «Бул «Манасты» көп кишилерден сурап жана көп улама адамдардан угуу менен толуктап айттым», — дечү экен. Балык өмүрүн ар кайсы жерлерде (Таласта, Чүйдө, Кочкордо) жашап өтсө, Чоюке «Манасын» толуктоо, өркүндөтүү үчүн Ысык-Көлдөн тышкары, Таластан Текеске чейинки кыргыз жерин атайылап кыдырып чыккан. Сагымбай өз доорундагы чоң манасчылардын дээрлик баарына жолугуп, үлгү алуу менен бирге, кыргыз жашаган бардык аймактарда болуп, барган жерлериндеги элдин сынынан өтүп, алардын каалоолорун, алымча-кошумчаларын талдап, жергиликтүү манасчылар менен таанышып, алардын айткандарынын алгылыктуулары менен өз вариантын толуктай жүргөн. «Манас» айтуу жана манасчынын чыгармачылык таасири белгилүү географиялык аймак же уруулук белги менен чектелбейт. Азыркы мезгилде Нарын, Каракол, Түштүк мектептерине бөлүштүрүү шарттуу аталыш. Манасчылык өнөрдөгү мектептик белги өзгөчө таланттуу айтуучунун ысымына байланыштуу. Анткени, эпостун негизин түзгөн да жана анын идеялык, көркөмдүк-эстетикалык өсүп-өнүгүшүнүн багытын белгилегендер да — ошол чоң манасчылар. Алар түзгөн варианттар элге өзгөчө терең таасир тийгизип, көптөгөн башка манасчылар үчүн үлгүлүк милдет аткаргандыктан, ошол үлгүнүн таасиринде ага жакын айткан талапкерлер пайда болуп, манасчылардын өзүнчө мектеби түзүлгөн. Манас-таануучу С. Мусаевдин пикири боюнча Сагымбай менен Тоголок Молдо атактуу манасчы Тыныбек негиздөөчүсү (же өтө көрүнүктүү өкүлү) болгон мектепке таандык. Ал экөө Тыныбектен көп нерсени кабыл алышкан, алардын варианттарынын окшош жактары да көп. Ал эми Сагымбайдан көп кичүү, ошону менен бирге андан көп нерсени үйрөнүп, кабыл алышкан Молдобасан, Ыбырайым, Багыш жана башкалар айтуучуларды ушул мектептин улантуучулары деп айтууга негиз бар, анын үстүнө алар манасчы катары түздөн-түз Сагымбайдын таасирин алган (С. Мусаев, Эпос «Манас», Фр„ 1979, 82-б.). Буга караганда көптөгөн шакирттери болсо да Сагымбайды манасчылардын Нарын мектебинин негиздөөчүсү деп айтышка негиз жок, мектептин эң көрүнүктүү өкүлү катары аны өнүктүрүүчү. Анын устаты Тыныбек жөнүндө да ушуну айтууга болот. Өткөн кылымда В. В. Радлов жазып алган вариант кыскартылган, үзүндү-үзүндү түрүндө экенине карабастан анын сюжети, ал турсун айрым майда деталдары Нарын мектебине кирген варианттарга окшош. Буга «Манас» эпосунун узак мезгилдер бою өсүп-өнүп келгендигин, М. м. да узак мезгилдер бою түптөнүп, калыптанып, муундан-муунга өтүп, чыгарманын алгачкы жаратуучулары бизге белгисиз калган манасчылар экенин көрсөтөт. Каракол мектеби жөнүндө деле ушуну айтууга болот. Бар вариантты салыштырып келгенде Мамбет Чокмор уулу менен Саякбайдын варианттары жакын, бирок кимиси бири-бирине таасир эткени жөнүндө эскеришпейт. Устаттары катары өздөрүнөн мурунку манасчыларды (Мамбет Доңузбайды, Саякбай Чоюкени) эсептейт. Чоюке, Доңузбай бир мезгилде чыккан манасчылар болгондуктан алардын устаттары алардан мурунку муундун өкүлдөрү экендиги мыйзам ченемдүү көрүнүш. Каракол мектеби да эчактан түзүлүп, узак мезгилдер калыптанып келгенин Ч. Валиханов жазып алган эпизоддордун бул мектептин өкүлдөрүнүн варианттары менен көп жагынан жакындыгы далилдейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4