Азиз уулу Шаабай
Азиз уулу Шаабай (1927, Ак-Суу району, Кызыл Октябрь айылы) — манасчы.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шаабай белгилүү манасчы Чоюкенин бир тууганы Азиздин уулу. Кезегинде Азиз да «Манас» айткан. Бирок, езүнүн бул өнөрүн уулунун улантып кетерине көзү жеткен соң, манасчылыкты уулуна өткөрүп берип, өзү эпос айтууну токтоткон. Азыркы учурда Шаабай Ысык-Көл облусундагы Үч-Кайнар кыштагында жашайт. Шаабай манасчылыкты атайын кесип кылбастан жөн гана өз чөйрөсүндө кызыкчылык үчүн, атасы менен абасынын салтын улап, нускасын сыйлагандыктан кез-кезде айтып жүрөт. Шаабайдын эпоско болгон кызыгуусу 7 жашынан башталган. Чоюкенин айтканын өз кулагы менен укпаса да Шаабайдын айтканы Чоюкеге өтө окшош экендигин эл арасында белгилеп жүрүшөт. Өзүнүн берген маалыматына караганда Шаабай циклдешүү принцибинде курулган бүткүл үчилтикти («Манас», «Семетей», «Сейтек»), Манастын чебере урпактары болгон Эр Сарык менен Кулумсарыктар (Сейтектин баласы менен небереси) жөнүндө да айтат. Чоюкенин жана бир тууганы Азиз менен анын уулу Шаабайдын варианты — салт катары атадан балага өтүп келаткан вариант. Ал бизге Шаабайдын айтуусунда гана келип жетти. Вариант эпостун айтылып, жашап келишиндеги бүтүндөй бир тарыхый сызыкты өзүнө бириктирген, ошол эле учурда эпостун Ысык-Көлдө айтылып келген байыркы салттарын өзүнө сиңирип, сактай алган. Бактысына Чоюке туш болуп, анын «Манас» айтканын уккан, аны менен көпкө бирге жүргөн Саякбай Карала уулу кийин бул салтты уланткан.
Манастын жазылып алынышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шаабайдан 1959-ж. «Манастан» 8368 сап ыр көлөмүндө, 1971-ж. «Сейтек» эпосунан 3842 сап ыр көлөмүндө жазылып алынган. Кийинчерээк 1000 м магнитофондук лентага «Манастан» үзүндү («Тал Чокудагы окуя») түшүрүлгөн, жазылган убактысы көрсөтулгөн эмес. Бардык материалдар Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусунда (244—3096, 246—5181, 246—4035-инв.) сакталып турат.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.