Манас Аккелтени сынаган жери

Википедия дан

Манас Аккелтени сынаган жери — Алайкуу айылынын Карагатты өрөөнүн Орто-Төр жайлоосундагы киши жеткис жалама асканын боорундагы ок көзөгөн сымал үңкүрдөй болгон оюктун аты. Элдин айтымына караганда Манас Аккелтени сынап, ошол зооканы атып көрөт. Ошондо Аккелтенин огу зооканын бетин көзөп, үңкүрдөй оюк жасаганы Манастын көөнүнө толот. Азыр да мергенчилер ууга чыгарда ырым кылып, Манас Аккелтесин сынаган жерге барып сыйынат экен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4