Манас Сериялары

Википедия дан

«Манас Сериялары»«Манас» эпосунун айрым эпизоддору боюнча түзүлгөн китепчелер. 1940—45-ж. белгилүү манасчылардын варианттарынан алынган айрым эпизоддордон он бир китепче кыргыз тилинде жарык көргөн: Манастын балалык чагыСагымбай Орозбак уулунун айтуусу боюнча басмага даярдаган Ыбырайым Абдыракманов (Фр., 1940), Алооке канСагымбай Орозбак уулунун боюнча басмага даярдаган Ы. Абдыракманов (Фр., 1941), Каныкейдин жомогу — Саякбай Карала уулунун айтуусу боюнча басмага даярдаган Ы. Абдыракманов (Фр., 1940), Каныкейдин Тайторуну чапканы — Саякбай Карала уулунун айтуусу боюнча басмага даярдаган Өмүркул Жакишев (Фр., 1941), Макел Дөө — Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда басмага даярдаган Ы. Абдыракманов (Фр., 1941), Манастын өлүмү — Саякбай Карала уулунун айтуусунда басмага даярдаган Ы. Абдыракманов (Фр., 1940), Манастагы элестер — мектеп жашындагы балдар үчүн, түзгөн — Кубанычбек Маликов (Фр., 1941), Семетейдин Букардан Таласка келиши — Тоголок Молдонун (Абдыракманов Байымбет) айтуусунда басмага даярдаган Ы. Абдыракманов (Фр., 1941), Үргөнч — Акмат Рысменде уулунун айтуусу боюнча басмага даярдаган Ы. Абдыракманов (Фр., 1941), Алгачкы айкаш (Чоң казаттан үзүндү) — Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда басмага даярдаган Жамий Бейшекеев (Фр., 1942), Майдан («Семетейден») — Тоголок Молдонун (Абдыракманов Байымбет) айтуусунда басмага даярдаган Ж. Бейшекеев (1942), Биринчи казат — Сагымбай Орозбак уулунун айтуусунда басмага даярдаган Калим Рахматуллин (Фр., 1944).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4