Манас баатырдын теги

Википедия дан

Манас баатырдын теги — жалпы эле баатырдык эпостор үчүн мүнөздүү салт, чыгармадагы киришүүнүн милдетин аткаруучу бөлүмчө. Мында Манастын ата-бабалары саналат жана айрымдарына кыскача мүнөздөмө берилет: Каракан, Угузкан, Аланча кан, Байгур, Бабыр, Түбөй, Көгөй, Ногой, Жакып. Ысымдардын аталыштары, саны туруктуу эмес, түрдүү варианттарда өзгөртүлүп, орун алмаштырылып, азайып, же көбөйүп берилиши мүмкүн. Саякбай Каралаевдин вариантында Бөйөн, Чаян, Ногой, Балакан, Каракан, Жакып аталса, Радлов жазып алган вариантта Бөйөнкан, Каракан, Жакып үчөө гана эскерилет жана башкалар.

Текти саноо тике тиешеси бар ата-бабаларынын аттарын гана атоо түрүндө да Радлов жазып алган вариантта кыргыздардын санжыра айтуу ыгы боюнча кимдин канча баласы болуп, анын кандай бутактанууларын кошо чечмелөө ыгы менен да айтылат (Сагымбай Орозбаковдун вариантында, Саякбай Каралаевдин вариантында), кээде андан да кеңири берилиши мүмкүн. ТМВда кыргыздардын алты уругу, Манас кайсыл уруктан экени чечмеленип саналып, кадимки санжыралык үлгүдө баяндалат.

Чыгарманы баатырдын тегинен кабар берүүдөн баштоо — кыргыздардагы ар бир уул жети атасын билүү милдети, билбеген адам кул катары түшүнүү адатынын таасири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4