Манас көзкамандарды сыйлаганы

Википедия дан

Манас көзкамандарды сыйлаганыКөзкамандар окуясынын башталышы, жалпы бөлүмдөгү орчундуу түйүн.

Көзкамандардын көчү келет. Манастын кадыры үчүн баатырдын туугандары келе жатышыптыр дешип эл дүрбөп, көчтүн алдын тосо барып Үсөнгө учурашып, сый көрсөтүшөт. Каныкей өрүлүктөй барам деп жүз мал союш алып, көчтү тосо чыгат, аттан түшүп жол боюнда туруп күтүп алып, урмат көрсөтөт. Көзкамандын балдары бизге жүгүнбөдү, текебер экен дешип күпүр кылышат. Карабөрк менен Акылай да келип жүк түшүрүшүп, үй тигишип кызмат кылышат. Кийген кийимин, жүргөн-турганын жактырбай, балит жашаганын жактырбаган Акылайды «көнгөн салты да, андай дебе — деп, Каныкей тыят. Калмакча сүйлөп, аларды тууган катары эсептеген Карабөрк гана Көзкамандарга жагат. Оогандан кайткан Манас жаңы туугандарынын көңүлүн көтөрүп, ыраазы кылуу үчүн алардын келген урматына той берип, үй-жай, буюм-терим, кийим-кечесине чейин жаңылап, эскилерин бүт өрттөтөт. Көзкамандар буга катуу нааразы болушуп, Манаска кекенип калышат да, анын көзүн тазалап, ордун ээлөөгө убадалашышат. Каныкей Манаска жаңы туугандарыңдын түрү бузук, түбү сага эл болбойт, кордук көрүп каласың, азыртадан бөлүп, ар кимисин ар кайсы жакка таратып жибер десе, тил албай коёт. Жаман оюн ишке ашыруу үчүн Көкчөкөз инилери менен кеңешип, байкап келмекке Манастыкына барат. Манастын тууганым деп үзүлүп-түшүп, урматтап кабыл алганын Көкчөкөз коркконунан кошамат кылып жатат деп түшүнөт. Көкчөкөз Манаска ысыкка көнбөгөндүк кылып кыйналып жатышкандыктан салкын, малга жайлуу жер сурап келгенин айтат. Манас сакалдуулар менен эл билген билермандарды чакырып кеңешип, Көзкамандар Ат-Башыга жашасын деп чечишет. Кашкарга жакын, четирээк барып камданып алып, Манасты анан жайлайын деп ичинен кымылдаган Көкчөкөз үйүнө келет. Көзкамандар Ат-Башыга көчүп, баатырдын туугандары менен кошо барабыз дешип, Меңдибай баш болгон айрым адамдар кошо көчүп барат.

Эпизод айрым өзгөчөлүктөрү менен Радлов жазып алган вариантта да берилген. Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын, ал түгүл бир-бирине дал келген деталдар да бар.

Саякбай Каралаевдин вариантында мындай эпизод жок. Башка манасчылардан Шапак Рысмендеевдин вариантында, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын бирок айрым өзгөчөлүктөрү менен айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4