Манас он бир дуу-дунун көп колун жеңгени

Википедия дан

Манас он бир дуу-дунун көп колун жеңгени — бөлүмдүн идеялык багытын айкындап, сюжеттик андан нары өнүгүшүн шарттап турган бөлүмчө.

Манасты чапмак болуп аттанган он бир дуу-дунун жүз он миң колу Алтайды беттеп келе жатып эки миң үйлүү эли бар Калдарбектин Эштегинин айылына туш келип, кол салат. Эштек эли менен Канардын тоосун таянып, жолу татаал тар капчыгайды тосуп алып токсон төрт күн урушуп, кытайларды өткөрбөй коёт. Кол ачка болуп, аттарын союп жеп жүдөйт. Ушул убакта таякелерим экен, сары ногой элине барып таанышып, тууган болом деп аз киши менен келе жаткан Манас капчыгайдын оозундагы өтө көп адамдарды көрүп токтоп, алыстан байкап, калмактар экенин таанып, элге кабарчы жиберип, өзү жол тосуп ошол жерде калат. Сегиз күндө кыргыздан көп кол келип, капчыгайдын оозун тосуп, жоонун кетер жолун бөгөп калды. Эки жагы тосулуп, ачкадан жүдөгөн душман колго түшүп кор болгончо деп жайылдык кылып кийимдерин өрттөп, өзүлөрүн жарып, согушсуз эле кырылып жок болушту. Кароол карап жүрүп калмактардын нары жагына келип жаткан көп колду көрүп чочулап, дайынын билмекке келген Эштектин уулу Жамгырчы Көкчөгө жолугуп калып, таяке-жээн экен, экөө бирин-бири таанып учурашат. Андан мурдараак ал жерден түшчүлүк жайгашкан Манас коктунун оозундагы көп колдун тынч алып калганына таң калып, чалгын чалып кабар алмакка бийиктеп, тоо аралап баратып, жайылып жаткан көп жылкыга кез келет. Калмактардын жылкысы деп ойлоп айдап жөнөйт. Артынан жете келип, жылкыны кайда айдаганын, өзүнүн ким экенин сураган чалга оң жооп бербейт. Келген чал жылкынын ээси Эштек экен. Эштек Чыйырдынын атасы, Манастын таятасы. Экөө беттеше кетип, бирин-бири жеңе албайт. Чалга алы жетпегенине намыстана түшкөн Манас «Манас!» — деп ураан чакырып, катуулап качырганда Эштек: «Коё турчу, сен кайсы Манассың? Менин жээним Манас болуп жүрбө?” — дейт. Экөө таанышып, учурашат. Калмактардын кабарын билгени барып, кырылып калган көп колду көрөт. Эштек Манастын колуна союшка жылкы тараттырат.

Мындай сюжет Радлов жазып алган вариантта жок, бирок «Көзкаман» окуясында Манас өз таякеси Жамгырчынын жылкысын тийип алганы эскерилет. Буга караганда Манас таятасынын жылкысын тийиши мурдатан келе жаткан белгилүү сюжет. Окуя Саякбай Каралаевдин вариантында жок. Кийинки белгилүү манасчылардан Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында гана бар: Он бир дуудунун көп колу Эштектин элин камап жатканын угуп, жардам бергени кырк миң адамы менен аттанып чыккан Манас калмактардын жолун бууп калат. Курчоодо калган кытайлар өздөрүн өздөрү өрттөп өлүшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4