Мазмунга өтүү

Манас эпосундагы аскердик демократия

Википедия дан

Манас эпосундагы аскердик демократия«Манас» эпосу бир эле кылымдын же бир эле доордун көркөм эстелиги эмес. Эпосто кыргыз элинин басып өткөн узак жана татаал тарыхый жолу көркөм чагылдырылып, көптөгөн доорлордун мүнөздүү өзгөчөлүктөрү кеңири баяндалган. Анын татаал тутумунда А. д. мезгилинин олуттуу белгилеринин орун алышы талашсыз далил. А. д. доору уруулук-аталык түзүлүш ыдырай баштаган мезгилге туура келет. Бул доорго мүнөздүү салттар жөнүндөгү даректер көптөгөн тарыхый эстеликтерде бар.

Ошондой эле элдик оозеки адабиятта баатырдык эпостон да кеңири орун алган. Ф. Энгельс байыркы гректердин баатырдык эпосунун гүлдөгөн мезгили варвардыктын жогорку баскычына туура келерин көрсөтөт. Ал эми К. Маркс болсо жоокерлик мезгилде афиналыктарда бийликтин үч органы: 1) жолбашчылардын кеңеши; 2) элдик чогулуш (агора); 3) аскердик жолбашчы (басилевс) болгондугун далилдейт. «Манас» эпосунда да А. днын бир катар белгилеринин бар экендигин ачык көрөбүз. «Манас» эпосунун идеялык мазмунун аныктаган негизги маанилүү бөлүк болуп саналган «Чоң казат» бөлүмүнөн К. Маркс белгилеген бийликтин үч органын жолуктурабыз. 1. Уруу башчыларынын же аскердик аксакалдардын кеңеши. Эпосто көптөгөн уруулар аталып ар бир уруунун уруу башчысы бар. Мисалы, Манас өзү ногой уруусунан, Акбалта — нойгут, Кошой — катаган жана башкалар. Олуттуу маселелер алгач уруу башчыларынын же аксакалдардын кеңешинде каралып, анан бир чечимге келишет. Мисалы, Манас уруу башчылары менен кеңешип, алар макул болгондон кийин Бээжинге казат жасайт. 2. Элдик жыйын. Уруу башчыларынын бүтүмү жалпы элге, кошунга (колго) салынат. Эпосто ар бир уруу башчысынын өзүнүн эли, уруусу, кошуну (колу) бар. Бээжинге казат жасоо жөнүндөгү бүтүм жалпы элге же кошундарга жарыяланат. Алардын каалоосу, эрки менен эсептешет. Зордоо, күчкө салуу жок экени Манастын Бээжинге казат жасар алдындагы колго кайрылуусунан көрүнөт:

Атым арык дегениң

Азыр кайткын үйүңө,

Өзүм жалгыз дегениң

Эми кеткин үйүңө (Саякбай Каралаев,2.80).

3. Аскердик жол башчы. Жортуулга аттанар алдында согуштук колбашчы же аскер башчы дайындалат. Аскер башчынын бардык буйругун жортуулга катышкан ар бир жоокер аткарууга милдеттүү. Аскер башчынын бийлиги бекем, чексиз. «Манас» эпосунда адегенде Бакай аскер башчы болуп шайланат. Бирок, аскердик тартипти бекем кармай албагандыктан, кийин аскер башчылыкты Алмамбетке ыйгарышат. Аскер башчы өтө жөндөмдүү, кошундар арасына барктуу, согуштук стратегияны жана тактиканы мыкты билген адам болууга тийиш. Алмамбет ушул сапаттардын баарына ээ. А. д-га мүнөздүү болгон согуштук стратегиянын жана тактиканын айрым белгилерин «Манас» эпосунан учуратабыз. Эпосто кошунду онго, жүзгө, миңге, түмөнгө бөлүү салты да баяндалат:

Онун санап өтүптүр,

Он кишиге бир киши,

Он башы коюп кетиптир...

Жүзүн санап алганы

Жүз адамга бир адам

Жүз башы коюп салганы (Сагымбай Орозбаков, 4. 124).

Манас баатыр өзү да он башы Тазбайматка баш ийип келет. Элдин зсебин алган кезде Байматтын бир кишиси жок болуп чыгат. Алмамбет каарданып Байматты жазаламак болот. Көрсө Баймат Манасты унутуп калыптыр. Ушундан улам «Манасты унуткандай» деген ылакап сөз тараган. А. д. мезгилинде согуш жан багуунун, «элдик турмуштун кадыресе функциясы болуп калат» (Ф. Энгельс). Бытыранды майда уруулар аргасыз биригип, өзүнчө эл болуп түзүлүүгө мүмкүнчүлүк алат. «Манас» эпосунда «Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым» деген ыр саптары өтө арбын жолугат. Майда, бытыранды урууларды бириктирүү эпостун негизги темаларынын бири. А. д-нын дагы бир белгиси — Манас баатырдын кан шайланышы. Уруу башчылары адегенде кеңешип Манасты кан көтөрүшөт да, анан бүтүмдү жалпы элге салат:

Кары-жашы күңгүрлөп,

Каныбыз Манас болду деп,

Калктын баары дүңгүрлөп,

Көпчүлүк топук алганы (Сагымбай Орозбаков, 1. 285).

«Айкөл эрди ошондо, Ай талаада калайык Кан көтөрүп салды эми» (Саякбай Каралаев, 1. 215). Эпосто жоокерчилик доор, ошол кездеги стратегия менен тактика, адамдардын согуш учурундагы карым-катнаш мамилелери да реалдуу көркөм баяндалган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4