Мангала (оюн)

Википедия дан

МангалаТүрк элинин интеллектуалдык жана стратегиялык оюну. Бул оюндун оюнчулары 2 кишиден турат. Оюн тактайында эки катарда алтыдан чункурча бар (ошондо жалпысынан 12), ошондой эле оюнчулар таштарды топтой турчу эки чоң чукур болот. Мангала оюну 48 таш менен ойнолот.

Оюн тартуу ыкмасы менен башталат. Оюнчулар бардык 48 ташты ар бир 12 чукурга төрттөн бөлөт, ал эми эки чоң топтоо чукурлары бош калат. Оюнчу тараптагы кичинекей алты чункур ошол оюнчунун оюн талаасы, ал эми каршы тараптагы алты чукур болсо атаандашына тиешелүү болот. Оюнчулар өз тарабына (топтоо чукурларына) мүмкүн болушунча көбүрөөк таштарды топтоого аракет кылышат. Ким көбүрөөк таш топтосо ошол оюнчу жеңүүчү деп эсептелет.