Мандельштам - Бриллюэн чачыроосу

Википедия дан

Мандельштам - Бриллюэн чачыроосу - конденсацияланган чөйрөнүн (катуу нерсе менен суюктук) өзүнүн серпилгичтүү термелүүсү менен өз ара аракеттенүүсүнөн ал чөйрөдө оптикалык нурлануунун чачыроосу.

Конденсацияланган чөйрөнүн бөлүкчөлөрүнүн ортосундагы өз ара күчтүү байланыш ар бир бөлүкчөнүн өз алдынча кыймылдоосуна мүмкүндүк бербейт. Алардын дүүлүгүүсү чөйрөдө толкун түрүндө таралат.

Абсолюттук нөлдөн айырмаланган ар кандай температурада бөлүкчөлөр дайыма жылуулук кыймылында болушат. Натыйжада бөлүкчөлөрдүн дүүлүгүүсүнөн пайда болгон түрдүү жыштыктагы серпилгич толкундар чөйрөдө бардык та­рапты көздөй таралат. Мындай токундардын бири бирине кошулуусунан чөйрөнүн тыгыздыгы өзгөрүп. андан жарык чачырайт. Мандельштам - Бриллюэн чачыроосу Л. И. Мандельштам (1918—261, Л. Бриллюэн (1922), Л. И. Мандель­штам м-н Г. Ландсберг (1930), Е. Ф.

Гросс (1938), Л. Д. Ландау менен Г. Плачек (1934) тарабынан эксперименттик жанa теориялык жактан изилденген. Лазердитүзүү Мандельштам - Бриллюэн чачыроосунан байкоону гана жеңилдетпестен, интенсивдүү сапаттык көп өзгөчөлүктөргө ээ болгон. Мандельштам—Бриллюэндин аргасыз чачыроосунун ачылы- шына алып келди. Мандельштам - Бриллюэн чачыроосу белок методдор менен бирге чачыратуучу чөйрөнүн касиеттерин терең изилдөөгө мүмкүндүк берет; техниканын ар кандай тармагында колдонулуучу кристаллдарда гиперүндүн кубаттуу толкундарын генерациялоо үчүн кол­донулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.