Манжур-Корей тоолору

Википедия дан

Манжур-Корей тоолоруКытайдын түндүк-чыгышындагы, КЭДРдын түндүгүндөгү жана Россиядагы (Приморье крайында, чыгыш тарамактары) тоо системасы. Узундугу 1500 км, туурасы 500 км. Уссури дарыясынын ортоңку агымынын өрөөнүнөн Ляодунь жарым аралынын четине чейин созулат. Тоону Ялуцзян жана Тумыньцзян дарыясынын өрөөндөрү экиге бийик Түндүк-Корей (эң бийик жери Пэктусан жанар тоосундагы Байтоушань чокусу, бийиктиги 2750 м; КЭДРдин аймагында) жана жапыз Чыгыш Маньчжурия (бийиктиги 2106 м) тоолоруна бөлөт. Чыгыш Маньчжурия тоосу жарыш жаткан бир нече кырка тоолорду камтыйт. Алар дарыя өрөөндөрү жана тоо аралык ойдуңдар менен терең тилмеленген. Гранит, метаморфизмделген тектерден жана аки таштан түзүлгөн. Темир, алтын, жез, никель, вольфрам жана таш көмүр кендери бар. Климаты мелүүн муссондук. Кышы суук (ички бөлүгүндө катаал), январдын орточо температурасы –6°С...–22°С, жайы жылуу, июлдуку 18–24°С. Жазы жана ийне жалбырактуу токойлор улам бийиктеген сайын таш ак кайыңдар, бал карагай, мох-эңилчек тундрасы жана альп шалбаасы менен алмашат. Биосфера резерваттары – Чанбайшань (Кытай) жана Пэктусан (КЭДР) уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]