Манкоо

Википедия дан
Xanthium strumarium.

Манкоо (лат. Xanthium, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруу. Бийикт. 20й100 смге жеткен бир жылдык жана бир үйлүү чөп. Көп бутактуу сабагы катуу түктүү. Жалбырактары тегиз жээктүү тегерек, үч бурчтуу же жүрөк сымал. Топ гүлү сапсыз, жалбырак колтугунда жайгашкан. Аталык гүлдөрү – топ гүлдүн жогору жагында, энелик гүлү төмөн жагында орношкон – анын ороочтору сыртынан илмекей катуу тикендүү. Уругу бышканда анын катуу тикенектүү ороочтор чоңоюп, мөмөсүнүн сыртын каптап турат.

Мененун жер жүзүндө Түндүк, Түштүк Америкада, Европада, Кичи жана Чыгыш Азияда 70 түрү, Кыргызстанда 2 түрү кездешет. Алар негизинен жол боюнда, айдоодо, таштанды жерде, аңызда, мал сарайга, огороддо жакын жерде өсөт да эң зыяндуу отоо чөп. Майда мал жүнүнө жабышып, анын сапатын төмөндөтөт. Жалбырагы менен тамырын сары жана жашыл боёк алууга пайдаланат, өсүмдүктүн бардык органында иод, алколоиддер бар. Элдик медицинада богокко, тери ооруларына, дизентерияга, лимфа түйүндөрүнүн кургак учугуна дарылоого колдонулат. Уругунда 40 %ке жакын бат кургоочу май бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]