Маннергейм, Карл Густав Эмил

Википедия дан
Маршал К.Г.Э.Маннергейм

Маннергейм Карл Густав, Карл Густав Эмиль [(16. 6. 1867, – Финляндия, азыркы Турку шаарына жакын, Вильняс кыштагы – 28. 1. 1951 Швейцария, Лозанна, сөөгү Хельсинкидеги Хиятание көрүстөнүнө коюлган) – барон, финн мамлекеттик жана аскер ишмери, маршал (1942).

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

1889-жылы Санкт-Петербургдагы Николаевск кавалериялык окуу жайын бүтүргөн.

1917-жылга чейин орус армиясында кызмат өтөгөн.

1-дүйнөлүк согушта 1914–18-жылдары командачысы; генерал-лейтенант (1917); 1918-жылы актар командачысы болуп, германиялык интервенттер менен бирге Финляндия революциясын (1918) баскан.

1918-жылдын декабрь айынан 1919-жылдын июль айына чейин Финляндия регенти, финн армиясынын башкы командачысы, 1922–51-жылдары Финляндия Кызыл Крестинин төрагасы.

1931–39-жылдары Мамлекеттик коргонуу кеңешинин төрагасы, 1939-жылдан финн армиясынын башкы коман­дачысы.

1939–40-жылдары советтик-финн согушунда жана 1941–44-жылдары фашисттик Германиянын союздашы катары финн армиясын жетектеген.

1944-жылы советтик өкмөт койгон шарттар боюнча Маннергейм агрессивдик Берлин пактысынан (1940) жана согуштан чыгууга мажбур болгон.

1944–46-жылдары Финляндия президенти болуп иштеген.

Кыргыз таануу багыты[оңдоо | булагын оңдоо]

Маннергейм 1906-ж. июнь-июль айларында Кыргызстандын Алай ороонуно келип, Курманжан датка жана анын уулу Асанбек менен жолугуп, алай кыргыздары жонундо маалымат топтоп жана аларды биринчи жолу фотосуротко тартып кеткен.


Сыйлыктары. Наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

К.Маннергейм жалпысынан 123 орден жана медал менен сыйланган. [1]
4-даражадагы Ыйык Георгий ордени менен сыйланган.

Финляндиянын маршалы наамын алган.

Эстутум[оңдоо | булагын оңдоо]

1960-жылы Хельсинкинин борборуна Маннергеймдин эстелиги тургузулган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Mannerheim, Carl Gustaf Emil (1953). The Memoirs of Marshal Mannerheim. London: Cassell. OCLC 12424452.
  • Clements, Jonathan (2009). Mannerheim: President, Soldier, Spy. London: Haus Publishing. ISBN 978-1907822575.
  • 1999: Petteri Koskikallio, Asko Lehmuskallio, and Harry Halén. C. G. Mannerheim in Central Asia 1906–1908. Helsinki: National Board of Antiquities. ISBN 951-616-048-4.


Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Ички шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. https://terijoki.spb.ru/history/templ.php?page=mannerg&lang=ru