Марат Акматов

Википедия дан

Акматов Марат (1950–1993) - обончу, ырчы Акматов Марат Ысык-Ата районунун Кеңеш айылында 1950-жылы туулган.

М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын эл аспаптар бөлүмүн,
кийин Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн.
1970-жылдардан тартып, ар кандай темадагы обондорду жазган.
Т.Кожомбердиевдин, Т.Элемановдун, Ж.Садыковдун, Э.Ибраевдин, А.Иманбаевдин ырларына обондорду жараткан.

Анын «Ак сүйүүмдү булгаба» «Байчечекей көзүн ачканда», «Өткөндөр ойдон кетпеди», «Куттуктаймын»,
«Жүрөктү жүрөк тандасын», «Мөлтүр шаарым – Фрунзем» ж.б. обондору элге кеңири тарап, айрым ырлары Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган.
Ал бир катар республикалык сынактардын лауреаты болгон.


Аткарылып жүргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Ак сүйүүмдү булгаба» с. Т.Элемановдуку
  • «Баратабыз каякка» с. Т.Кожомбердиевдики
  • «Билем, билем…» с. Ж.Садыковдуку
  • «Жүрөктү жүрөк тандасын» с. Т.Кожомбердиевдики
  • «Канааттанам» с. Ш.Ботбаевдики
  • «Кош жалын» с. Э.Ибраевдики
  • «Куттуктаймын» с. Т.Кожомбердиевдики
  • «Махабаттуу май түнү» с. Т.Кожомбердиевдики
  • «Мөлтүр – шаарым Фрунзем» с. А.Иманбаевдики
  • «Узатаарда коштошуу» с. Ж.Садыковдуку
  • «Эсте жүрсүн» с. Ж.Садыковдуку

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]