Марго Робби

Википедия дан

Марго Элиз Робби (англ. Margot Robbie;/ mɑːrɡoʊ rɒbi /; 1990-жылы 2-июлда туулган) - австралиялык актриса жана продюсер. М. Робби 2000-жылдардын аягында австралиялык көз карандысыз тасмаларда роль жаратуу менен өзүнүн чыгармачылык жолун баштаган. 2008-2011-жылдары "Коңшулар" (англ. Neighbours) телесериалындагы ролу үчүн Австралия телекөрсөтүүсүнүн "Логи" сыйлыгына эки номинацияда талапкер болгон.

АКШга көчүп баргандан кийин, ABC телеканалында көрсөтүлгөн "Пан Американ" (англ. Pan Am, 2011-2012) сериалында роль жараткан. 2013-жылы Ричарда Кёртис тарткан "Убакыт келди" (англ. About Time) комедиялык драма тасмасынде жана Мартин Скорсезенин "Уолл-стриттеги карышкыр" (англ. The Wolf of Wall Street) тасмасында тартылган. 2015-жылы М. Робби "Фокус" (англ. Focus) жана "З деген Захария" (англ. Z for Zachariah) тасмаларында роль жараткан. Ошол эле жылы "Чоң кыскартуу" (англ. The Big Short) тасмасында өзүнүн образын ойногон. 2016-жылы "Тарзандын уламышы" (англ. The Legend of Tarzan) тасмасынада Жейн Портердин ролун ойноп, "Өзүн-өзү өлтүрүү тобу" (англ. Suicide Squad) тасмасына дагы тартылган. Ал Time журналынын "2017-жылдын эң таасирдүү инсандары" тизмесине актрисанын аты кошулган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]