Мари-Софи Джермен
Мари-Софи Джармен - (01.04.1776.-27.06.1831.) француз математиги, философ жана механик.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Зергер атасынын китепканасында окуган. Өз алдынча кичинекейинен эле математик Монтуклдун өмүр жолуна кызыккан. Ата-энеси "кызга ылайыктуу кесип эмес" деп кашы чыгышканына карабай, изилдөөсүн улантып, көрүнүктүү окумуштуулар: Аламбер, Фурье, Гаусс менен кат аркылуу байланышып турган. Кээ бир учурларда эркектин ысымы менен чыгууга мажбур болгон. Өмүрүн илимге арнап турмушка да чыккан эмес.
Эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өзүнүн ысымы менен аталган бир канча формулаларды чыгарган. Ферманын теориясынын "биринчи көрүнүшү" Софи Джармен жөнөкөй сандар үчүн далилдеп чыккан. Ал боюнча жөнөкөй n саны жана 2n+1 саны да жөнөкөй. 1808-жылы Парижде жүрүп, "Mémoire sur les vibrations des lames élastigues" аттуу эмгегин жарыкка чыгарган.
Сыйлыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Илимдер академиясынын сыйлыгына татыктуу болгон.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Шоокум журналы. №3 20-март 2008-жыл.
Калып:Math-bio-stub Калып:Physicist-stub Калып:Philosopher-stub Калып:Sociologist-stub Калып:Chemist-stub Калып:Scientist-stub Калып:Historian-stub Калып:FR-bio-stub