Маркирлөөчү горизонт

Википедия дан

Маркирлөөчү горизонтлитологиялык составы, түсү, структурасы, текстурасы, тыгыздыгы ж. б. касиеттери боюнча жанаша катмардан кескин айырмаланган тоо тек катмары.

Өзүнө гана мүнөздүү өзгөчөлүгү боюнча аны башка катмарлардан так ажыратып, көп жерге дейре созуу мүмкүндүгү болгондуктан маркирлөөчү горизонттун геокарталарды түзүүдө жанa геологиялык кесилиштерди бири бирине салыштырып изилдөөдө мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.