Математикалык конгресстер

Википедия дан

Математикалык конгресстер - 4 жылда бир чакырылуучу эл аралык конгресс.

Биринчи математикалык конгресс 1898-ж. Цюрихте болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан (1939—45) кийин математикалык конгресс Кем- бриж (АКШ, Массачусетс, 1950), Ам­стердам (1954), Эдинбург (1958), Стокгольм (1962), Москва (1966), Ниццада (1970) өткөрүлгөн. Математикалык конгресстер ма­тематикалык илимдин жетишкендиктери, көрүнүктүү илимий ачылыштар жөнүндө баяндамалар окулат жанa талкууланат.

1950-жылдан математикалык конгресстин биринчи жалпы жыйынында жаш математиктердин ири илимий жетишкендиктери каралып, аларга Эл аралык математикалык союздун алтын медалы жанa Филдс атындагы сыйлык тапшырылат. Советтик математиктер математикалык конгресске 1928-жылдан катыша баштаган. 1966 жанa 1970-жылдагы математикалык конгресстерде талкууланган докладдардын 25%ин советтик математиктер сунуш кылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.