Мачадо-и-Рeис Мануэль

Википедия дан

Мачадо-и-Рeис Мануэль (29. 8. 1874, Севилья – 19. 1. 1947, Мадрид, Испания) ― испан акыны. Королдук тил академиясынын мүчөсү (1938). Мадриддеги Эркин агартуу институтунда окуган. «Жан (1902), «Капричос» (1905), андалус фольклорунун үлгүсүндө жазылган «Канте хондо» (1912) ж. б. ыр жыйнактары бар. Мачадо-и-Рeистин обондуу ырлары көбүнчө табият, өмүр жана өлүм, сүйүү өңдүү түбөлүктүү темаларды камтыйт. 1926–33-жылдары агасы экөө «Хуан де Маньяра» (1927), «Олеандрлар» (1930) деген ыр түрүндөгү пьесаларды жазган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]